# КРнын 2011-жылдын 30-июну № 64 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 30-июну № 64 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203307>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4347/edition/1119675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203307.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КРнын 2011-жылдын 30-июну № 64 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203307

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 30-июну № 64

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203307/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.

1. 256-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"256-берене. Алтындын жана күмүштүн берими жана экспорту Алтындын жана күмүштүн куймасынын, аффинирленген алтындын жана күмүштүн берими жана экспорттоосу КНСтен бошотулган берим болуп эсептелет.".

2. 261-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"261-берене. Товарларды экспорттоо Алтындын жана күмүштүн куймасын, аффинирленген алтынды жана күмүштү экспорттоону кошпогондо, товарларды экспорттоо КНСтин нөлдүк ставкадагы берим болуп эсептелет.".

3. 283-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

4. 284-берененин 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

5. 285-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

6. 287-берененин 1-бөлүгүндө төмөнкү позиция күчүн жоготту деп табылсын:

"

| Алтындан, платинадан же күмүштөн жасалган зергер буюмдар | 7113, 7114, 7115, 7118, 9111100000, 9113101000 | Рыноктук сатык баасы | 5% |
| --- | --- | --- | --- |

".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203307/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
