# 2-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары жана милдеттери

- Документ: [Манас](https://aqlex.ai/kg/doc/203303)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 28-июнундагы № 59 "Манас" эпосу жөнүндө Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 28.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 февраля 2025 года № 35 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об эпосе "Манас"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021999)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203303#diff=1250981..26614>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203303/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4343/edition/1250980/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203303/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Манас, 2-берене (10.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203303/st-2

---

Ушул Мыйзамдын максаты "Манас" эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо, мамлекеттик коргоо жана калкалоо чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салуу болуп саналат, алар төмөнкүлөрдөн турат:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, "Манас" эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо, коргоо жана калкалоо боюнча чараларды жана атайын жоболорду аныктоо;

- "Манас" эпосунун үчилтигин коргоо жана колдонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын коом алдындагы укуктарын жана милдеттерин жол-жоболоштуруу;

- "Манас" эпосунун үчилтигинин укуктук статусун бекемдөө;

- Манас" эпосунун училтигин толук жана анын башка бөлүктөрүнүн мазмунун салттуу баяндоонун алкагында оозеки поэтикалык формада берген айтуучу катары "манасчы" статусун бекитүү;

- "Манас" эпосунун үчилтигин кеңири пропагандалоо үчүн идеялык-тарбиялык жана тарыхый-маданий чараларды кабыл алуу.

(КР 2025-жылдын 10-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203303/st-11)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203303/st-3)
