# 8-берене. Сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылууга талаптар

- Документ: [Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203301)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 27-июнундагы № 57 "Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4342/edition/629305/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203301/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент, 8-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-8

---

1. Имараттарды жана курулмаларды куруу, эксплуатациялоо, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо жана профилин кайра өзгөртүү, кайра пландаштыруу жумуштары сейсмикалык туруктуулукту камсыз кылуучу иш-чаралар, ошондой эле жер титирегенде адамдарды шашылыш эвакуациялоонун шарттары каралган долбоорлор боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Төмөндөгү талаптарды аткаруу имараттардын сейсмикалык таасирлерден бузулушун азайтуу үчүн зарыл шарт болуп саналат:

1) курулуш үчүн оңтойлуу аянтты тандоо;

2) имараттардын жана курулмалардын көлөмдүк-пландаштыруу жана конструкциялык чечимдерин сейсмикалык таасирде абдан аз бузулгудай кылып тандоо;

3) сейсмикага каршы атайын долбоордук-техникалык жана курулуштук-конструкциялык чечимдерди кабыл алуу;

4) куруу-монтаждоо жумуштарынын жогорку сапатын камсыз кылуу.

3. Имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык туруктуулугуна карата талаптар сейсмикалык коопсуздук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-9)
