8-берене. Сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылууга талаптар
Күчүндө · 02.04.2015 редакциясы
1. Имараттарды жана курулмаларды куруу, эксплуатациялоо, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо жана профилин кайра өзгөртүү, кайра пландаштыруу жумуштары сейсмикалык туруктуулукту камсыз кылуучу иш-чаралар, ошондой эле жер титирегенде адамдарды шашылыш эвакуациялоонун шарттары каралган долбоорлор боюнча жүзөгө ашырылат.
2. Төмөндөгү талаптарды аткаруу имараттардын сейсмикалык таасирлерден бузулушун азайтуу үчүн зарыл шарт болуп саналат:
1) курулуш үчүн оңтойлуу аянтты тандоо;
2) имараттардын жана курулмалардын көлөмдүк-пландаштыруу жана конструкциялык чечимдерин сейсмикалык таасирде абдан аз бузулгудай кылып тандоо;
3) сейсмикага каршы атайын долбоордук-техникалык жана курулуштук-конструкциялык чечимдерди кабыл алуу;
4) куруу-монтаждоо жумуштарынын жогорку сапатын камсыз кылуу.
3. Имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык туруктуулугуна карата талаптар сейсмикалык коопсуздук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203301/st-8" title="8-берене - Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>