# 6-берене. Механикалык коопсуздукту камсыз кылууга талаптар

- Документ: [Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203301)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 27-июнундагы № 57 "Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4342/edition/629305/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203301/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент, 6-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-6

---

1. Имараттын жана курулманын конструкциялары жана негиздери курууда, эксплуатациялоодо, капиталдык оңдоодо, реконструкциялоодо, профилин кайра өзгөртүүдө, кайра пландаштырууда жана демонтаждоодо төмөнкүлөрдүн натыйжасында коркунуч болбогудай касиеттерге ээ болууга тийиш:

1) айрым тирөөч конструкциялардын же алардын элементтеринин бузулушунда;

2) имарат же курулма бүт же айрым бөлүгү бузулганда;

3) конструкциялар, негиздер жана туташкан геологиялык массивдер жол берилгис өлчөмдө деформацияланганда;

4) имараттын же курулманын, инженердик же технологиялык жабдуунун, өткөргүч түтүктөрдүн бөлүктөрү тирөөч конструкциялардын орчундуу деформациясынын же жылышуусунун, анын ичинде вертикалдан четтөөнүн натыйжасында бузулганда.

2. Имараттардын жана курулмалардын механикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жалпы эле имараттардын жана курулмалардын, ошондой эле алардын айрым элементтеринин бекемдигин, туруктуулугун жана мейкиндиктеги өзгөрбөстүгүн камсыз кылуучу конструкциялык схемаларды караштыруу зарыл.

3. Механикалык коопсуздук талаптарын аткаруу ушул Техникалык регламентте көрсөтүлгөн, имаратты же курулманы долбоорлоо, эксплуатациялоо, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо, профилин кайра өзгөртүү, кайра пландаштыруу жана демонтаждоо процессинде жүктөмдөрдүн жана таасирлердин бир убакта таасир этүүсүнүн эске алынган варианттарындагы бекемдикти жана туруктуулукту ырастоочу эсептөөлөргө же башка ыкмаларга негизделет.

4. Имараттын же курулманын кабыл алынган конструкциялык чечимдеринин коопсуздугун негиздөөчү эсептөөлөр тобокелдик фактору боюнча долбоорлонуучу объекттин категориясына жараша жүргүзүлөт.

5. Адамдарды көтөрүү, түшүрүү жана горизонталдуу ташуу үчүн арналган механикалык ташуу каражаттары коопсуз жана тиешелүү техникалык регламенттердин коопсуздук талаптарына ылайык болууга тийиш.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-7)
