# 5-берене. Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугун камсыз кылуу

- Документ: [Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203301)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 27-июнундагы № 57 "Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4342/edition/629305/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203301/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент, 5-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-5

---

1. Имараттардын жана курулмалардын, ошондой эле имараттарга жана курулмаларга байланыштуу долбоорлоо (анын ичинде инженердик изилдөөлөр), куруу, эксплуатациялоо, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо, профилин кайра өзгөртүү жана кайра пландаштыруу, демонтаждоо жана бузуу процесстеринин, ошондой эле инженердик коммуникациялардын коопсуздугу ушул Техникалык регламенттин талаптарын жана буга байланыштуу башка техникалык регламенттердин талаптарын аткаруу менен камсыз кылынат.

2. Ушул Техникалык регламент имараттардын жана курулмалардын механикалык, өрт, жер титирөө, термикалык, химиялык, биологиялык, радиациялык, экологиялык жана электрдик коопсуздугунун орчундуу (жалпы) талаптарын белгилейт.

Имараттарга жана курулмаларга карата коопсуздуктун деталдуу (конкреттүү) талаптары башка техникалык регламенттер менен белгилениши мүмкүн. Эл аралык, региондук, улуттук стандарттардын колдонулушу, ушул Техникалык регламенттин орчундуу талаптарынын аткарылышы катары каралат.

3. Стандартташтыруу боюнча улуттук орган сунушталуучу ченемдик укуктук актыларды ыктыярдуу негизде колдонуунун жыйынтыгында ушул Техникалык регламенттин жана буга байланыштуу башка техникалык регламенттердин жана мыйзам ченемдүү актылардын талаптарын сактоону камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий басылмасында жана (же) жалпы пайдалануудагы электрондук маалымат тутумунда жарыялайт.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-6)
