Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене. Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугун камсыз кылуу
Күчүндө · 02.04.2015 редакциясы
1. Имараттардын жана курулмалардын, ошондой эле имараттарга жана курулмаларга байланыштуу долбоорлоо (анын ичинде инженердик изилдөөлөр), куруу, эксплуатациялоо, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо, профилин кайра өзгөртүү жана кайра пландаштыруу, демонтаждоо жана бузуу процесстеринин, ошондой эле инженердик коммуникациялардын коопсуздугу ушул Техникалык регламенттин талаптарын жана буга байланыштуу башка техникалык регламенттердин талаптарын аткаруу менен камсыз кылынат.
2. Ушул Техникалык регламент имараттардын жана курулмалардын механикалык, өрт, жер титирөө, термикалык, химиялык, биологиялык, радиациялык, экологиялык жана электрдик коопсуздугунун орчундуу (жалпы) талаптарын белгилейт.
Имараттарга жана курулмаларга карата коопсуздуктун деталдуу (конкреттүү) талаптары башка техникалык регламенттер менен белгилениши мүмкүн. Эл аралык, региондук, улуттук стандарттардын колдонулушу, ушул Техникалык регламенттин орчундуу талаптарынын аткарылышы катары каралат.
3. Стандартташтыруу боюнча улуттук орган сунушталуучу ченемдик укуктук актыларды ыктыярдуу негизде колдонуунун жыйынтыгында ушул Техникалык регламенттин жана буга байланыштуу башка техникалык регламенттердин жана мыйзам ченемдүү актылардын талаптарын сактоону камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий басылмасында жана (же) жалпы пайдалануудагы электрондук маалымат тутумунда жарыялайт.
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203301/st-5" title="5-берене - Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>