# 32-берене. Имараттарга жана курулмаларга инженердик изилдөөлөрдүн жана долбоордук документтердин натыйжаларынын ылайыктуулугун баалоо

- Документ: [Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203301)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 27-июнундагы № 57 "Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4342/edition/629305/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203301/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент, 32-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-32

---

1. Имараттарга жана курулмаларга инженердик изилдөөлөрдүн жана долбоордук документтердин натыйжаларынын ылайыктуулугун баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экспертизалоо формасында аткарылат.

2. Ылайыктуулукту баалоо долбоордук документтин жана инженердик изилдөөнүн натыйжаларынын өрткө каршы, экологиялык талаптарга жана ушул Техникалык регламентте белгиленген талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте күбөлөндүрүлөт.

3. Долбоордук документтин жана инженердик изилдөөнүн натыйжаларынын ылайыктуулугун күбөлөндүрүүчү документтери болуп ушул Техникалык регламенттин талаптарына долбоордук документтин жана инженердик изилдөөнүн натыйжаларынын ылайыктуулугу жөнүндө экспертизанын оң корутундусу эсептелет.

4. Инженердик изилдөөлөрдүн жана долбоордук документтердин натыйжаларын милдеттүү экспертиза жүргүзүүгө жаткан объекттердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

5. Экспертиза ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана мыйзам менен белгиленген тартипте аккредиттелген мамлекеттик эмес эксперттик уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-33)
