# 31-берене. Имараттардын жана курулмалардын коопсуздуктун негизги талаптарына ылайык келүүсүн баалоо

- Документ: [Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203301)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 27-июнундагы № 57 "Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4342/edition/629305/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203301/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент, 31-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-31

---

1. Ылайыктуулукту баалоо төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат:

1) имараттын же курулманын долбоорлоо документтеринде белгиленген мүнөздөмөлөрүнүн коопсуздуктун талаптарына ылайык келүүсүн ушул объектти курууну баштоонун алдында күбөлөндүрүү;

2) имараттын же курулманын мүнөздөмөлөрүнүн коопсуздуктун талаптарына ылайык келүүсүн аны куруу убагында күбөлөндүрүү;

3) курулуп бүткөн имараттын же курулманын мүнөздөмөлөрүнүн коопсуздуктун талаптарына ылайык келүүсүн күбөлөндүрүү.

4) эксплуатацияланып жаткан имараттын же курулманын мүнөздөмөлөрүнүн коопсуздуктун талаптарына ылайык келүүсүн имаратты же курулманы андан ары эксплуатациялоо мүмкүндүгүн ырастоо үчүн мезгил-мезгили менен күбөлөндүрүү.

2. Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо жана курууда алардын ылайыктуулугун баалоо төмөнкү формаларда аткарылат:

1) долбоордук документация жана инженердик изилдөөлөр;

2) мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү;

3) курулуш контролу;

4) курдуруучунун (заказчынын) техникалык көзөмөлү;

5) автордук көзөмөл;

6) айрым конструкцияларды, байланыштарды жана инженердик-техникалык системаларды камсыз кылууну сыноо (эгерде бул сыноолор долбоордук документтерде каралса);

7) курулуп бүткөн имараттын же курулманын же алардын бөлүгүнүн долбоордук документтерге ылайык келиши жөнүндө уруксат берүү (жактыруу) же ырастоо.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-32)
