Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-берене. Негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 02.04.2015 редакциясы
Ушул Техникалык регламенттин максаты үчүн "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген негизги түшүнүктөр пайдаланылат. Алар менен кошо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: долбоордун автору - квалификациялык сертификаты бар адис же автордук жамаат; Техникалык регламент менен өз ара байланыштуу ченемдик документтер - ушул Техникалык регламенттин коопсуздук талаптарын ишке ашыруучу ченемдик документтер; кыртыш суулары - жер кыртышына эң жакын жаткан жана жер астындагы суулардан жогору жайгашкан басымсыз кыртыш суулар; демонтаждоо - имараттардын жана курулмалардын курулуштук конструкцияларын жана системаларын ажыратуу; курдуруучу (заказчы) - өзүнө таандык жер участогунда долбоордук документтердин иштелип чыгышы, инженердик изилдөөлөрдүн аткарылышы жана долбоордун даярдалышы, ошондой эле курулуштун жүрүшү жана курулуш жумуштарына техникалык көзөмөл каржыланышын камсыз кылуучу жак; имарат - адамдар жашашы жана (же) иштеши, өндүрүштөр жайгаштырылышы, продукция сактоо же жаныбарларды багуу үчүн жайлары бар жер үстүндөгү же жер астындагы курулган курулма; инженердик изилдөөлөр - жаңы имараттарды долбоорлоодо же мурдатан турган имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоодо анын максаттуулугун - ордун, техникалык параметрлерин негиздөөгө мүмкүндүк берүүчү курулуш курулуучу районду техникалык жана экономикалык иликтөөлөрдүн комплекси. Курулуш үчүн инженердик изилдөөнүн курамына инженердик-геодезиялык, инженердик-геологиялык, инженердик-гидрометеорологиялык жана инженердик-экологиялык текшерүүлөр кирет; капиталдык ремонт - мурдатан турган имараттын жана курулманын курулуштук конструкцияларындагы жана инженердик жабдууларындагы физикалык жана моралдык эскирүүлөрдү жоюу, ошондой эле анын эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн жана функциялык арналышын сактоо максатында аткарылуучу жумуштардын комплекси; кызыл сызык - курулуш курулуучу тилкенин деталдуу пландоонун долбоорунда белгиленүүчү чеги; калктын аз мобилдүү топтору - өз алдынча кыймылдашы, жүрүшү, кызматтардан пайдаланышы, керектүү маалыматтарды алышы же мейкиндикти баамдашы оор адамдар. Калктын аз мобилдүү топторуна картайган адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү узакка же убактылуу чектелген, кош бойлуу аялдар жана балдар коляскасы менен жүргөн адамдар кирет; жүрүүнүн механикалык каражаттары - лифттер, эскалаторлор, көтөргүчтөр, горизонталдуу кыймылдоочу механизмдер жана адамдарды көтөрүү, түшүрүү жана туурасынан ташуу үчүн арналган башка техникалык түзүлүштөр; жайдын микроклиматы - адамга, жаныбарга же өсүмдүктөргө таасир этүүчү, абанын температурасынын же нымдуулугунун көрсөткүчтөрү менен мүнөздөлүүчү жайдын ички чөйрөсүндөгү абал; ченемдик документ - иштин ар кыл түрлөрүнө же алардын натыйжаларына тиешелүү ченемдерди жана эрежелерди, жалпы принциптерди же мүнөздөмөлөрдү белгилөөчү документ; коопсуздукту камсыз кылуу - адамдын өмүрүнө же ден соолугуна, алардын мүлкүнө жана (же) айлана-чөйрөгө, анын ичинде өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө зыян келтирүү мүмкүндүгүнө байланыштуу опурталды болтурбоо боюнча инженердик-техникалык жана уюштуруу чараларынын комплексин кабыл алуу; көлөмдүк-пландаштыруу чечими - имараттын же курулманын элементтеринин тиешелүү эксплуатациялык жана конструкциялык талаптарды канааттандыруучу айкашуусу; коркунучтуу калдыктар - курамында төмөнкүдөй коркунучтуу касиеттердин бирине ээ заттар бар калдыктар: уулуу, дүрт күйүүчү, реакциялык жөндөмү, радиациясы жогору жана алар адамдардын ден соолугу үчүн жана айлана-чөйрөгө өзү дагы, башка заттар менен контакт болгондо дагы потенциалдуу коркунучтуу; курулуштун опурталдуу объекттери - дүрт күйүүчү, күйүүчү, кычкылдануучу, жарылгыч, уулуу жана радиоактивдүү заттар өндүрүлүүчү, кайрадан иштетилүүчү, пайдаланылуучу, сакталуучу, ташылуучу, жок кылынуучу, сатылуучу; 0,07 МПа ашык басымда же суу 115 град. Цельсиядан жана андан жогору температурада ысып иштеген жабдуулар; туруктуу орнотулган жана көчмө жүк көтөргүч механизмдер, эскалаторлор, аркан жолдор, фуникулерлор пайдалануучу имараттар жана курулмалар; профилин кайра өзгөртүү - имараттардын же курулмалардын функциялык арналышын өзгөртүү; кайра пландаштыруу - жайдын планын өзгөртүү; жай - тиешелүү функциялык арналыштагы жана курулуштук конструкциялар менен чектелген имараттын ичиндеги мейкиндик; адамдар көп болуучу жайлар - 50 кв.м же андан көп аянттуу жайда адамдар 1 кв.м жерде 1 адамдан ашык санда такай же убактылуу (авариялык кырдаалдан башкаларында) болуучу жайлар (театрлардын, кинотеатрлардын залы жана фойеси, жыйналыш, кеңешме болуучу залдар, лекциялык аудиториялар, ресторандар, вестибюлдар, кассалык залдар, өндүрүштүк жана башка ушул сыяктуу жайлар); бекемдикти жоготуу - конструкциянын материалынын эсептелген оордуктардын жана таасир көрсөтүүлөрдүн астында бузулушу, негиздин кыртышынын имараттар менен курулмалардын, алардын бөлүктөрүнүн же айрым конструкциялык элементтеринин тиреп туруу жөндөмдүүлүгүнүн толук же жарым-жартылай айрылышына алып келген физикалык-механикалык касиеттеринин жол берилгис төмөндөшү; туруктуулукту жоготуу - имараттарды жана курулмаларды же алардын айрым бөлүктөрүн туруктуу тең салмактуу абалынан чыгаруудан келип чыккан мүмкүн эмес деформация калдыктары (жаан-чачын, жылышуу жана ушуга окшош деформациялар) же болбосо имараттардын жана курулмалардын же алардын бөлүктөрүнүн бузулушу; потенциалдуу коркунучтуу заттар - дүрт күйүүчү, кычкылдангыч, уулуу, бат реакция болуучу, радиоактивдүү касиеттерге ээ, адамдардын жашоо-турмушу жана айлана-чөйрө үчүн коркунучтуу заттар; долбоордук документтер - имараттарды жана курулмаларды куруу үчүн жана кабыл алынган долбоордук чечимдерди негиздөө үчүн керектүү чиймелердин, эсептөөлөрдүн комплекти жана түшүндүрмө кат; прогрессивдүү кулоо - кайсы бир кабаттын локалдуу бузулушунун натыйжасында имараттардын жана курулмалардын тирөөсү жок калган конструкцияларынын кулашы; жумушчу документтер - объекттерди курууну жүзөгө ашыруу боюнча деталдуу чиймелер; реконструкция - көлөмдүк-пландаштыруу жана конструкциялык чечимдерди, ошондой эле инженердик жабдууну өзгөртүүгө байланыштуу мурда турган имараттардын жана курулмалардын кайрадан курулушу; тобокелдик - имараттардын жана курулмалардын бузулуу мүмкүндүгүн жана анын кесепеттеринин оордугун мүнөздөөчү курулушту жүзөгө ашыруудагы коркунучтун даражасы; сейсмикалык туруктуулук - имараттардын жана курулмалардын жер титирегенде өзүнүн эксплуатациялык сапаттарын колдонуудагы ченемдердин жоболорунда каралган чекте сактоо менен чыдоого жарактуулугу; инженердик жабдуу системасы - имараттын жана курулманын суу менен камсыздоочу, сууну четке чыгаруучу, жылытуучу, желдетүүчү жана абаны кондициялоочу, газ жана электр менен камсыздоо үчүн жабдуулардын, приборлордун жана арматуралардын жыйындыларынан турган имараттын жана курулманын бөлүгү; түтүндөн сактоо системасы - түтүндүн, жогорку температуранын жана уулуу продуктулар күйгөндө адамга таасир этишин болтурбоого багытталган уюштуруу иш-чараларынын жана техникалык каражаттардын комплекси; өрткө каршы коргоо системасы - өрттүн адамга тийгизген факторлорунун алдын алуу жана андан материалдык зыянды чектөөгө багытталган уюштуруу иш-чараларынын жана техникалык каражаттардын жыйындысы; татаал жаратылыштык шарттар - курулуштун аймагында жана имаратты же курулманы эксплуатациялоо процессинде курамы жана абалы боюнча спецификалуу топурактын болушу жана коркунучтуу жаратылыштык процесстер жана (же) техногендик таасирлер болуу (күчөшү) тобокелдиги менен мүнөздөлгөн шарттар; бузуу - физикалык жана моралдык эскиришине байланыштуу имараттарды жана курулмаларды жок кылуу; курулма - курулуш ишинин тиешелүү керектөө функцияларын жүзөгө ашырууга арналган сейрек натыйжасы; адамдарды сактоо - өрттүн таасири же башка коркунучтар болгондо адамдарды имараттардын жана курулмалардын чегинен сыртка аргасыздан чыгаруу; курулуштук конструкция - имараттын же курулманын тирөөчү, тосуучу жана (же) эстетикалык функцияларды аткаруучу бөлүгү; курулуштук буюм - имараттардын жана курулмалардын курулуштук конструкцияларынын элементи катары пайдаланууга арналган буюм; курулуш материалы - имараттардын жана курулмалардын курулуштук буюмдарын жасоо үчүн арналган материал; техникалык жактан өзгөчө татаал жана уникалдуу объекттер - бийиктиги 60 м ашык имараттар жана курулмалар, ЖЭСтердин жана чоң ГЭСтердин башкы корпустары, ортосундагы асма аралык 60 м ашык курулмалар, тоннелдер, ошондой эле консолу 15 м ашык, же конструкцияларын эсептөө үчүн эсептөөнүн стандартуу эмес (атайын) усулдары колдонулган же болбосо иштелип чыккан имараттар жана курулмалар; коркунуч - адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна, мүлкүнө, айлана-чөйрөгө, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө зыян келүү мүмкүндүгү; керектен чыгаруу - коркунучтуу жана пайдаланылбоочу курулуштук калдыктарды жок кылуу жана көмүү боюнча уюштуруучу-технологиялык жумуштардын комлексин аткарууга байланышкан иш же калдыктарды экинчи сырье жана пайдалуу продукция алуу максатында зыянсыздоо; эвакуация - өрт же башка өзгөчө кырдаал болгон учурда адамдардын имараттардын жана курулмалардын чегинен сыртка уюшкандыкта чыгуу процесси; имараттардын жана курулмалардын элементтери - курулуштук конструкциялар жана алардын элементтери, ошондой эле имараттардын жана курулмалардын курулуш объектинин бекемдигин, туруктуулугун жана ишеничтүүлүгүн камсыздоочу башка курамдык бөлүктөрү.
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203301/st-3" title="3-берене - Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>