# 28-берене. Сууну алып өтүү системаларына коюлуучу талаптар

- Документ: [Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203301)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 27-июнундагы № 57 "Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4342/edition/629305/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203301/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент, 28-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-28

---

1. Өндүрүштүк жана тиричилик суу керектөө, ошондой эле санитардык-техникалык түзүлүштөрдү орнотуу каралган имараттар жана курулмалар сууну алып өтүүнүн коопсуз системасы менен жабдылууга жана техникалык регламенттердин коопсуздук талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

2. Сууну алып өтүү системасы агын сууларды сууну керектөөчүлөрдүн жана орнотулган санитардык-техникалык приборлордун эсептик санына ылайык келген көлөмдө коопсуз алып өтүүнү камсыз кылууга тийиш.

3. Сууну алып өтүүнүн борбордоштурулган системасы жок болгондо, локалдуу тазалоочу курулмалардын (суу түтүгү имараттардын жана курулмалардын ичине киргизилсе) жасалышы зарыл болуп эсептелет.

4. Сууну алып өтүү системасын төмөнкүдөй долбоорлоо жана орнотуу керек:

1) агын суулардын тосмолонушуна жана башка жакка агып чыгуусуна жол бербөө;

2) имараттардын жана курулмалардын ички мейкиндигин, айлана-чөйрөнү, суу алуучу горизонтторду жана суу ресурстарын булгабоо;

3) техникалык тейлөө жана оңдоо жүргүзүү үчүн эксплуатациялоо кызматтарынын жана авариялык кызматтардын персоналы жеткендей кылуу;

4) кыртыштын табигый жылуусу менен шартталган жүктөмдөрдүн туруктуу болушун камсыз кылуу.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-29)
