# 27-берене. Суу менен камсыздоо системаларына коюлуучу талаптар

- Документ: [Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203301)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 27-июнундагы № 57 "Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4342/edition/629305/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203301/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент, 27-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-27

---

1. Таза сууну пайдалануу жана санитардык-техникалык түзүлүштөрдү орнотуу каралган имараттар жана курулмалар техникалык регламенттердин коопсуздук талаптарын канааттандыруу үчүн суу менен камсыздоонун коопсуз системалары менен жабдылат.

2. Имараттардын жана курулмалардын суу менен камсыздоо системаларын төмөнкүдөй долбоорлоо жана орнотуу зарыл:

1) адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуз сууну суу пайдалануучулардын жана белгиленген санитардык-техникалык приборлордун эсептик санына ылайык келген көлөмдө берүүнү камсыз кылуу;

2) системадагы таза суунун булганышын жокко чыгаруу;

3) жабдуулардын жана түтүктөрдүн коррозиясын, түтүктөрдү жана жабдууларды шорлордун жана биологиялык өзгөрүүлөрдүн басышын жокко чыгаруу;

4) сууну санитардык-техникалык жана башка кабыл алуу түзүлүштөрүнө кабыл алуу түзүлүштөрүн эксплуатациялоонун ченемдүү шарттарында каралган басым менен берүүнү камсыз кылуу;

5) суунун агышынын алдын алуу;

6) ички жана тышкы өрт өчүрүү максаттары үчүн суу берүүнү камсыз кылуу;

7) адамдарга термикалык жараттарды келтирүүнүн алдын алуу.

3. Таза суу менен камсыз кылуу системаларында тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган материалдардан жасалган түтүктөр жана башка жабдуулар (суу тийүүчү) колдонулат.

4. Геологиялык шарттары татаал, сейсмикалык таасирлер берилүүчү, сууктагы жердин көтөрүлүшүн кошкондо, кыртыштын чөгүүсү, борпоң тартуусу бар болгон райондордо имараттарды жана курулмаларды курууда суу менен камсыздоо коммуникациялары имараттардын жана курулмалардын конструкцияларынын мүмкүн болуучу жылышууларын эске алуу менен орнотулат.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-28)
