Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
26-берене. Газ жана электр камсыздоо системаларына коюлуучу талаптар
Күчүндө · 02.04.2015 редакциясы
1. Газды (электр тогун) бардык газ пайдалануучу (электр тогун пайдалануучу) түзүлүштөргө берүү системасы желдетүү (электр тогунун) системасынын иштөөсү бузулган бардык учурларда автоматтык түрдө өчүрүүчү түзүлүштөр менен жабдылат.
2. Газ түтүктөрүн өрт коркунучу жана жарылуу коркунучу бар жайларда жана зоналарда; жер төлөлөрдө; жарылуу коркунучу бар жана күйүүчү материалдардын кампаларында; подстанциялардын жана бөлүштүрүү түзүлүштөрүнүн жайларында; желдетүү камералары, шахталар жана каналдар, лифттердин шахталары; таштанды жыйноочу жайлар; түтүн чыгуучу морлор аркылуу; газ түтүгү коррозияга дуушар болуучу жайлар жана жерлер аркылуу, ошондой эле агрессивдүү заттар таасир бериши мүмкүн болгон жерлерде; газ түтүктөрү күйүүнүн ысык продукттары менен жуулушу же ага ысытылган, эриген металлдын тийиши мүмкүн болгон жерлерде орнотууну кароого тыюу салынат.
3. Газ приборлорун турак-жайлардын жер төлө кабаттарында (жер төлөдө) жайгаштырууга, ал эми суютулган көмүр суутек газдарын берүүдө бардык арналыштагы имараттардын жер төлө жана эң үстүңкү кабаттарында жайгаштырууга тыюу салынат.
4. Геологиялык шарттары татаал, сейсмикалык таасирлер берилүүчү, сууктагы жердин көтөрүлүшүн кошкондо, кыртыштын чөгүүсү, борпоң тартуусу бар болгон райондордо имараттарды жана курулмаларды курууда газ коммуникациялары имараттардын жана курулмалардын конструкцияларынын мүмкүн болуучу жылышууларын эске алуу менен орнотулат.
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203301/st-26" title="26-берене - Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>