# 24-берене. Жылытууга, желдетүүгө жана кондиционерлөөгө коюлуучу талаптар

- Документ: [Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203301)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 27-июнундагы № 57 "Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4342/edition/629305/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203301/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент, 24-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-24

---

1. Имараттардын жана курулмалардын жайларында жол берилген санитардык-гигиеналык ченемдерден төмөн эмес микроклиматтын параметрлери кармалып туруусу керек.

2. Имараттардын жана курулмалардын жылытуу системасын төмөнкүдөй долбоорлоо жана орнотуу зарыл:

1) адамдардын механикалык жана термикалык жарат алуу, газдардын, буулардын, аэрозолдордун же чаңдардын күйүү же жарылуу тобокелдиги эң төмөн болгондой;

2) эксплуатациялоонун пландалган географиялык шарттарында төмөн жана жогору температуралардын тийгизген таасирине системанын чыдамдуу болушун камсыз кылгыдай.

3. Жылытуу түзүлүштөрү, энергия берүү линиялары, түтүктөр жана башка коммуникациялар бекем бекитилет жана тышкы таасирлерден корголот.

4. Борбордоштурулган жылуулук менен камсыздоо жок болгондо, электр жылыткыч түзүлүштөрү же газ же суюк отун менен иштөөчү автоматташтырылган жылуулук генераторлору жылуулук энергиясынын булагы катары колдонулушу мүмкүн. Мында отундун толук күйүүсү жана күйүүнүн продукттарын газ чыгаруучу жана газ, чаң жыйноочу коммуникациялар аркылуу абага чыгаруу камсыз кылынат.

5. Имараттардын жана курулмалардын желдетүү жана кондиционерлөө системалары төмөнкүлөрдүн топтолушун болтурбоого тийиш:

1) ашканада тамак-аш даярдоодо пайда болгон жыттардын жана буулардын;

2) санитардык-гигиеналык түзүлүштөрдөн жана калдыктарды сактоочу жерлерден чыккан жыттардын;

3) өндүрүш процессинин жүрүшүндө пайда болгон газ түрүндөгү кыйыр продукттардын жана ашыкча нымдуулуктун;

4) уулуу буулардын жана газдардын;

5) ошондой эле бактериялардын, вирустардын жана ооруну пайда кылуучу башка микроорганизмдердин жана аллергиялык заттардын.

6. Жылытуу, желдетүү, кондиционерлөө системалары гидравликалык жана жылуулук туруктуулугуна, өрт-жарылуу коопсуздугуна ээ болуп, тазалоо жана оңдоо үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Суюктукту жогорку басымда кармаган катуу жана ийкемдүү түтүктөр каралган ички жана тышкы чыңалууларды көтөрүүгө жана сактоочу түзүлүштөр болууга тийиш.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-25)
