23-берене. Имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоодо коопсуздук талаптары
Күчүндө · 02.04.2015 редакциясы
1. Курдуруучу (заказчы) төмөнкүдөй документтерди комплектөөнү жана имараттын же курулманын менчик ээсине сактоого берүүнү камсыз кылат: инженердик изилдөөлөрдүн натыйжалары, долбоордук жана жумуш документтери, аткаруу документтери, курулуш процессиндеги мониторингдин натыйжалары.
2. Имаратты же курулманы эксплуатациялоо процессинде конструкциялардын жана инженердик камсыз кылуу системаларынын параметрлери жана башка мүнөздөмөлөрү ушул Техникалык регламенттин 16-беренесинде келтирилген долбоорлоо документтеринин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
Көрсөтүлгөн ылайыктуулук имараттын же курулманын менчик ээси же анын тапшырмасы боюнча менчик шериктештигинин, турак жай кооперативинин же үй комитетинин ыйгарым укуктуу адамдары (мындан ары - башкаруучу уюм) иштеп чыккан программа боюнча долбоорлоо документтеринин талаптарын эске алуу менен мезгилдүү өткөрүлүүчү кароонун жана контролдук текшерүүлөрдүн же мониторингдин жүрүшүндө ырасталат. Менчик ээси же башкаруучу уюм өз демилгеси боюнча эксплуатациялоо документтерин, анын ичинде конструкциялардын жана инженердик камсыздоо системаларынын параметрлеринин жана башка мүнөздөмөлөрүнүн долбоорлоо документтерине ылайыктуулугун текшерүүнүн конкреттүү эрежелерин камтыган объекттин паспортун, ошондой эле ишкананын экологиялык паспортун иштеп чыгууга заказ бериши мүмкүн.
3. Конструкциялардын жана (же) инженердик камсыз кылуу системаларынын параметрлеринин жана (же) башка мүнөздөмөлөрүнүн эксплуатациялоо стадиясы үчүн долбоорлоо документтеринде белгиленген чектен чыгып кетүүсү табылганда тиешелүү дефекттер критикалык (аларды жоюу үчүн эксплуатациялоону токтото туруу же эксплуатациялоону толук токтотуу менен оңдоону жүргүзүүнү талап кылат) же эксплуатациялоону токтотпой эле учурдагы оңдоо процессинде жоюлушу мүмкүн болгон критикалык эмес деп классификацияланат.
4. Тобокелдик факторлору өтө жогорку жана жогору имараттардын же курулмалардын конструкцияларынын жана инженердик камсыз кылуу системаларынын параметрлеринин жана башка мүнөздөмөлөрүнүн долбоорлоо документтеринин талаптарына ылайык келүүсү имаратта же курулмада түздөн-түз жүзөгө ашырылуучу автоматтык мониторингдин объекти болуп эсептелиши мүмкүн. Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен ушундай имараттар же курулмалар үчүн мониторинг жүргүзүү милдети каралбаса, мониторинг жүргүзүү жөнүндө чечимди имараттын же курулманын менчик ээси кабыл алат.
Мониторинг процессинде табылган дефекттер жөнүндө маалымат алардын компетенциясына жараша ыйгарым укуктуу органдарга берилет.
5. Табылган дефекттерди жоюу үчүн эксплуатациялоону токтото туруу жөнүндө же эксплуатациялоону толук токтотуу жөнүндө же табылган дефекттерди учурдагы оңдоо жолу менен жоюу тууралуу чечимди имараттын же курулманын менчик ээси, же анын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте уюм тарабынан кабыл алынат.
6. Имаратты же курулманы эксплуатациялоо процессинде текшерүүлөрдүн жана иликтөөлөрдүн бардык натыйжалары, ошондой эле табылган чектен чыгууларды жоюу боюнча иш-чаралар документтелет. Тиешелүү документтер имараттын же курулманын менчик ээсинде сакталат.
7. Имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоодо жана техникалык тейлөөдө төмөнкүдөй тобокелдик факторлорунан адамдардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугу камсыз кылынат: кулоодон, соккудан, күйүүдөн, электр тогунан жабыркоодон, өрттөн жана анын коркунучтуу факторлорунан, жарылуудан, имараттардагы же курулмалардагы инженердик тармактардын авариясынын айынан болуучу суу каптоолордон, транспорт каражаттарынын кыймылындагы авариялык кырдаалдардан жана башка физикалык жана химиялык факторлордон.
8. Имараттардын жана курулмалардын ичине кыртыш сууларынын кирүү коркунучу пайда болгон, ошондой эле бул суулардын айынан имараттын жана курулманын бекемдигин же туруктуулугун жоготууга алып келүүгө жөндөмдүү зыян келтирилип, тирөөчү же калкалоочу конструкциялардын бузулуу коркунучу пайда болгон учурда ушул суулардын кирүүсүн алдын алуу же сууларды имараттын жана курулманын башка курулуш конструкцияларына зыян келтирбеген ыкма менен буруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.
9. Жогорку деңгээлдеги нымдуулук пайда болушу мүмкүн болгон имараттардын жана курулмалардын турак-жай, жумушчу, кызматтык жана башка жайларында жана мейкиндиктеринде температуралык режимдердин которулуп туруучу жана желдеткичтер (кондиционердик) камсыз кылынат.
10. Санитардык-техникалык түзүлүштөрдөн суунун кокустан агуусу имараттардагы жана курулмалардагы коңшу жайларга суунун агып кирүүсүнө алып келбөөгө тийиш.
11. Эксплуатациялоо процессинде нымдуулуктун таасиринде турган курулуш конструкцияларынын же инженердик жабдуулардын системаларынын элементтеринин беттери нымдуулуктун таасиринен корголууга жана тазалоо үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.
12. Имараттардын жана курулмалардын жашырын мейкиндиктери ички нымдуулуктан корголот.
13. Имараттарда жана курулмаларда өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо жетиштүү жарык берүү каралууга тийиш.
14. Авариялык жарык берүү төмөнкүлөрдө орнотулат:
1) өткөөл жайларда, коридорлордо, холлдордо, фойелерде жана вестибюлдарда, тепкичтерде жана адамдарды эвакуациялоонун башка жолдорунда, адамдар көп болуучу имараттардын жана курулмалардын башка жерлеринде;
2) эгерде жумушчу жарыкты өчүрүүнүн жана мында өндүрүштүк жабдуунун иштешин улантуусунун айынан жаракат алуу коркунучу пайда болсо, анда адамдар дайыма иштеген жайларда.
15. Имараттар жана курулмалар адамдарды коопсуз жөнүндө алдын ала кабарлоочу тиешелүү системалар менен жабдылат.
16. Коркунуч жөнүндө кабарлоочу система коркунучтун пайда болуусун аныктоочу датчиктер жана адамдардын имараттан жана курулмадан тышкары коопсуз жерлерге чыгуусун камсыз кылуучу кабарлоо түзүлүшүн камтууга тийиш.
17. Имараттар жана курулмалар потенциалдуу коркунучтар жөнүндө кабарлоо максатында адамдардын коопсуз жүрүүсүн, запастык эшиктерди табууну, имараттагы жана курулмадагы адамдарды куткаруунун негизги ыкмаларын камсыз кылган маалыматтык колдоо каражаттары менен жабдылат.
18. Маалыматтык колдоо каражаттары так айырмаланууга жана бардык кырдаалдарда түшүнүктүү болууга тийиш.
19. Адамдар көп жүргөн имараттар жана курулмалар жетиштүү түрдөгү табигый, жасалма жана айкалышкан жарык берүүлөр жана инсоляциялар менен камсыз кылынат.
20. Имараттардын жана курулмалардын ар кандай жайларынын табигый, жасалма жана айкалышкан жарык берүүсүнүн жана инсоляциясынын көрсөткүчтөрү санитардык-гигиеналык ченемдердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
21. Объекттеги жумушчу зонага жана айлана-чөйрөгө бөлүнүп чыгарылуучу булгоочу заттар санитардык-эпидемиологиялык жана экологиялык ченемдер менен белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
22. Имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоодогу коопсуздуктун талаптарын аткаруу үчүн жоопкерчиликти менчик ээси же имаратты жана курулманы эксплуатациялоочу уюм тартат.
23. Менчик ээси же эксплуатациялоочу тарабынан имаратты же курулманы эксплуатациялоо токтотулганда калкка жана айлана-чөйрөгө зыян келтирүүнүн алдын алган чаралар, анын ичинде адамдардын жана жаныбарлардын имаратка эркин кирүүсүнө тоскоол болуучу чаралар көрүлөт.
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203301/st-23" title="23-берене - Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>