# 22-берене. Имараттарды жана курулмаларды капиталдык оңдоодо коопсуздук талаптары

- Документ: [Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203301)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 27-июнундагы № 57 "Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4342/edition/629305/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203301/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент, 22-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-22

---

1. Имараттарды жана курулмаларды капиталдык оңдоо "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугу" Техникалык регламентинин талаптарына ылайык келүүчү курулуш материалдарын жана буюмдарын колдонуу менен оңдолуучу объекттин курулуш конструкцияларынын мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүнү көздөбөшү керек.

2. Капиталдык оңдоодон кийин имараттардын жана курулмалардын калкалоочу конструкцияларынын жылуулук-техникалык мүнөздөмөлөрү жайга керектелүүчү микроклиматтын параметрлерин камсыз кылууга тийиш.

3. Имараттарды жана курулмаларды капиталдык оңдоодо коопсуздуктун талаптарын аткаргандыгы үчүн жоопкерчиликти мурдатан турган имараттарды жана курулмаларды капиталдык оңдоону жүзөгө ашыруучу уюмдар тартат.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-23)
