21-берене. Мурдатан турган имараттарды реконструкциялоодо жана профилин кайра өзгөртүүдө коопсуздук талаптары
Күчүндө · 02.04.2015 редакциясы
1. Көп квартиралуу үйлөрдөгү жайларды реконструкциялоого, профилин кайра өзгөртүүгө жана кайра пландаштырууга архитектура жана курулуш жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте берилген техникалык корутундунун негизинде гана жол берилет.
2. Имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоодо, кайра пландаштырууда жана профилин кайра өзгөртүүдө коопсуздук талаптарын аткаруу үчүн реконструкциялоо жана профилин кайра өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө уруксат берген уюмдар жана имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоо, профилин кайра өзгөртүү жана кайра пландаштыруу боюнча курулуш иштерин жүзөгө ашырган уюмдар жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203301/st-21" title="21-берене - Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>