# 17-берене. Колдонулуучу курулуш материалдарына, буюмдарга, конструкцияларга жана жабдууларга талаптар

- Документ: [Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203301)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 27-июнундагы № 57 "Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4342/edition/629305/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203301/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент, 17-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-17

---

1. Курулушту жүзөгө ашыруучу адам курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды кампага жыйноону жана сактоону камсыз кылат.

2. Курулушту жүзөгө ашыруучу адам тарабынан долбоорлоо документтеринде каралган колдонулуучу материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын түрлөрүн, типтерин, маркаларын алмаштыруусу, ошондой эле долбоорлоо документтерине кандай гана болбосун башка өзгөртүүлөрдү киргизүүсү долбоорлоо документтерин иштеп чыгуучу жана макулдук алынуучу органдар менен макулдашуу боюнча курдуруучунун (заказчынын) макулдугу менен гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Алмаштыруу документ түрүндө таризделет, ал эми кабыл алынган өзгөртүүлөр милдеттүү түрдө долбоорлоо документтерине киргизилет. Кабыл алынган конструкциялык схеманын жана ушул имараттын же курулманын коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуу боюнча белгиленген чечимдердин бузулушуна алып келбеген учурларда гана мындай алмаштырууларга же өзгөртүүлөргө жол берилет.

3. Имараттарды жана курулмаларды курууда, ар кандай оңдоо-куруу иштери аткарылганда колдонулган курулуш материалдары, буюмдар жана конструкциялар курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-18)
