15-берене. Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодогу талаптар
Күчүндө · 02.04.2015 редакциясы
1. Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо тобокелдиктерге талдоо жүргүзүлөт, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) куруудагы, эксплуатациялоодогу, капиталдык оңдоодогу, реконструкциялоодогу, профилин кайра өзгөртүүдөгү, демонтаждоодогу жана бузуудагы, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардагы (иштебей калгандагы жана сырткы таасирлердеги) коркунучтардын бардык булактарын жана аларды ишке ашыруунун жолдорун аныктоону жана так баяндоону;
2) эсептөөлөрдү, эксперименттерди, эксперттик ыкмаларды пайдаланып же ошого окшош имараттардын жана курулмалардын эксплуатациялык маалыматтары боюнча тобокелдикке сандык баа берүүнү;
3) конструкциялык жана инженердик-техникалык чечимдерди жана тобокелдикти жол берилүүчүдөн ашпаган деңгээлге чейин азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгууну;
4) айлана-чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баалоо жүргүзүүнү.
2. Инженердик изилдөөлөрдү тиешелүү негиздемейинче же алар жетишсиз болсо имараттардын жана курулмалардын негиздерин долбоорлоого жана курууга жол берилбейт.
3. Имараттардын жана курулмалардын негиздерин өзгөчө таасирлерди (жер титирөөнүн, суу каптоонун же жер көчкүнүн) эске алуу менен жетишээрлик ишеничтүү кылып долбоорлоо зарыл.
4. Имараттардын жана курулмалардын негиздерин долбоорлоо төмөнкүлөрдү эсептөөлөрдүн негизинде тандоону камтыйт:
1) негиздөөнүн тибин (табигый же жасалма);
2) фундаменттердин тибин, конструкциясын, материалын жана өлчөмдөрүн (тайыз же терең; узата, лента, түркүк же плита; темирбетон, бетон жана буробетон).
5. Негизге фундаменттен келүүчү күч жана таасир имараттын жана негиздин биргелешкен таасирин эске алып эсептөө менен белгиленет.
6. Негиздерди долбоорлоодо объектти куруу жана эксплуатациялоо процессинде аянттын гидрогеологиялык шарттарынын мүмкүн болуучу төмөнкүдөй өзгөрүүлөрү эске алынат:
1) кыртыш суулардын болушу же пайда болуу (өтүү) мүмкүндүгү;
2) жер астындагы суулардын деңгээлинин табигый сезондук жана көп жылдык өзгөрүүлөрү;
3) жер астындагы суулардын деңгээлинин мүмкүн болгон техногендик өзгөрүүсү;
4) өндүрүштүн технологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен инженердик изилдөөлөрдүн маалыматтарынын негизинде жер алдындагы конструкциялардын материалдарына жана кыртыштын коррозиялык активдүүлүгүнө карата жер астындагы суулардын агрессивдүүлүгүнүн даражасы.
7. Эгер жер астындагы суулардын болжолдонгон деңгээлинде негиздин кыртышынын физикалык-механикалык касиеттери начарлашы, жаман физикалык-геологиялык процесстер болушу, тереңдеги жайларды эксплуатациялоо шарттары бузулушу мүмкүн болсо долбоордо тийиштүү сактоочу иш-чаралар каралат.
8. Эгер жер астындагы суулар же өнөр жайлык агымдар тереңдеги конструкциялардын материалдарына карата агрессивдүү болсо же кыртыштын коррозиялык активдүүлүгүн көбөйтүшү мүмкүн болсо коррозияга каршы иш-чаралар каралууга тийиш.
9. Басымдуу жер астындагы суулардын деңгээлинен ылдый негиздерди, фундаменттерди жана башка жер астындагы конструкцияларды долбоорлоодо жер астындагы суулардын басымын эске алуу жана жер астындагы суулардын котловандарга жырып киришин, котловандын түбүнүн көбүшүн жана имараттын көтөрүлүп чыгышын болтурбоочу иш-чараларды караштыруу зарыл.
10. Фундаменттерди түптөөнүн тереңдиги төмөнкүлөрдү эске алуу менен кабыл алынууга тийиш:
1) долбоорлонуп жаткан имараттын арналышы жана конструкциялык өзгөчөлүктөрү, анын фундаментине күч келүүлөр жана таасирлер;
2) жанаша имараттардын фундаменттерин түптөөнүн тереңдиги, ошондой эле инженердик коммуникацияларды орнотуунун тереңдиги;
3) имараттар курулуучу аймактын мурдатан бар жана долбоорлонуп жаткан рельефи;
4) курулуш аянтынын инженердик-геологиялык шарттары (кыртыштардын физикалык-механикалык касиеттери, тектердин катмарлануусунун мүнөзү, жылышып кетиши мүмкүн болгон катмарлардын, шамалдоо жылчыктарынын жана катмарлуу көңдөйлөрдүн бар экендиги);
5) аянттын гидрогеологиялык шарттары жана имаратты куруу жана эксплуатациялоо процессинде алардын өзгөрүү мүмкүндүгү;
6) дарыялардын нугуна курулган имараттын (көпүрөнүн, өткөргүч түтүктөрдүн) астындагы топурактын жуулуп кетүү мүмкүндүгү;
7) сезондук тоңуунун тереңдиги.
11. Негиздердин жана фундаменттердин долбоорунда негиздин топурагы нымдашуусун, ошондой эле куруу мезгилинде тоңуп калуусун болтурбоочу иш-чаралар каралууга тийиш.
12. Мурдатан турган курулмаларга түздөн-түз жакын жайгашкан имараттарды долбоорлоодо негиздин ал курулмалардын салмагынан, ошондой эле долбоорлонуучу башка имараттардын салмагынан кошумча деформацияланышы эске алынууга тийиш.
13. Имараттардын жана курулмалардын негиздери ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы ченемдик документтердин имараттардын жана курулмалардын негиздери, күч келүүлөр жана таасирлер боюнча талаптарын эске алуу менен долбоорлонууга тийиш.
14. Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо имараттарды жана курулмаларды курууда, эксплуатациялоодо, капиталдык оңдоодо, реконструкциялоодо, профилин кайра өзгөртүүдө жана демонтаждоодо болуучу күч келүүнүн, таасирлердин бардык түрлөрү эске алынат.
15. Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо конструкциялардын тирөөчтүк жарактуулугун жана деформацияланышын эсептөөдө пайдаланылуучу усулдар ушул Техникалык регламент менен курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп берүүгө тийиш.
16. Эсептөөнү аткаруу процессинде төмөнкүлөр эске алынат:
1) имараттардын жана курулмалардын курулуш объектисинин категориясынын тобокелдик фактолору жана жайгашкан орду боюнча;
2) куруу-монтаждоо жумуштарынын өндүрүштүк долбоордон мүмкүн болгон четтөөлөрү;
3) курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын техникалык маанилеринин мүмкүн болуучу диапазондору;
4) курулуш аянтынын физикалык-механикалык касиеттеринин ар түрдүүлүгү;
5) эсептөөнүн колдонулуучу усулдары менен эсептөөнүн тактыгы боюнча чектөөлөр;
6) локалдуу жана прогрессивдүү бузулуулардын болжолдуу кесепеттери.
17. Парктардын, скверлердин, үй алдындагы участкалардын (балдар жана спорттук аянтчалар, үйдүн жанындагы жашылдандыруу зоналары), жол боюндагы жашылдандыруу зоналарында, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарда, суу коргоо зоналарынын чектеринде имараттарды жана курулмаларды долбоорлоого жана курууга тыюу салынат.
18. Имараттар жана курулмалар адамдардын коопсуз жана эркин жүрүшү үчүн жетиштүү мүмкүндүктү камсыз кылууга тийиш.
19. Чатырларды жана тосуучу конструкцияларды атмосферадагы нымдын киришин жана курулуштук конструкцияларда жана инженердик жабдууларда алардын бекемдигин, туруктуулугун жана ишеничтүүлүгүн азайтуучу конденсаттын топтолушун болтурбагыдай долбоорлоо зарыл.
20. Имараттардын жана курулмалардын потенциалдуу коркунучтуу заттарды сактоо, иштетүү же процесстерди пайдалануу үчүн бөлүнгөн жайлары жана орундары изоляцияланып, эксплуатациялоо шартында да, мүмкүн болуучу жол берилгис пайдалануу учурунда да адамдарды, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү сактоочу конструкциялык касиеттери болууга жана төмөнкүлөр менен жабдылууга тийиш:
1) санкцияланбаган кирүүнү болтурбоочу түзүлүштөр менен;
2) потенциалдуу коркунучтуу заттар суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу системаларына киришин болтурбоочу түзүлүштөр менен;
3) дүрт күйүүчү жана (же) жарылгыч заттар сакталган жерлерди күйүүдөн сактоо системалары менен.
21. Имараттар жана курулмалар бийиктиктен кокустан кулап кетүү мүмкүндүгү эң төмөн болгудай долбоорлонот. Тосмолорго карата талаптар ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы тиешелүү ченемдик документтердин тиешелүү бөлүмдөрүндө белгиленет.
22. Өндүрүштүн жана керектөөнүн катуу калдыктарын чогултуучу жана сактоочу объекттерди долбоорлоого талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктаган тартипте белгиленет.
23. Имараттардын жана курулмалардын конструкцияларынын ичтеги жана сырттагы тосуучу функцияларды аткаруучу элементтери төмөнкү ызы-чууну өткөрүүгө жетишээрлик даражада каршы турууга тийиш:
1) имараттардын жана курулмалардын ичиндеги жайлардын ортосунда;
2) имараттардан жана курулмалардан жанаша аймакка (атмосферага);
3) жанаша аймактан имараттардын жана курулмалардын жайларына.
24. Имарат жана курулма имараттардын жана курулмалардын ичинде жаралган жана жанаша аймакка (атмосферага) угулуучу ызы-чуу санитардык-гигиеналык ченемдер менен шартталган деңгээлдерден ашпагыдай болуп долбоорлонот.
25. Имараттардын жана курулмалардын тышкы жана ички тосмо конструкцияларынын үн изоляциясы имараттардын жана курулмалардын ичинде адамдар болуучу жерлерде сыртта болгон ызы-чуунун, инженердик камсыз кылуу системаларынан, өндүрүштүк-технологиялык жабдуулардан жана санитардык-техникалык түзүлүштөрдөн чыккан үндүн таасири белгиленген санитардык-гигиеналык ченемдерге чейин азайышын камсыз кылууга тийиш.
26. Имараттарды жана курулмаларды алардын арналышына жараша долбоорлоодо калктын аз мобилдүү топтору үчүн жетишээрлик шарттар камсыз кылынууга тийиш.
27. Имараттар жана курулмалар, анын ичинде турак жай калктын аз мобилдүү топтору үчүн төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
1) максаттуу баруучу (арналыштагы) жерлердин жеткиликтүүлүгү жана имараттардын жана курулмалардын ичинде жүрүүнүн тоскоолдуксуздугу;
2) жашаган, тейленген жана эмгегин жүзөгө ашырган жерлерде басуучу жолдордун (анын ичинде эвакуациялык) коопсуздугу;
3) жашоо-турмуш чөйрөсүнүн ыңгайлуулугу жана комфорту.
28. Калктын аз мобилдүү топтору үчүн жеткиликтүү имараттардын жана курулмалардын долбоорлук чечимдери калктын башка топторунун жашоо-турмушунун шарттарын, ошондой эле имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоонун натыйжалуулугун чектебөөгө тийиш.
29. Калктын аз мобилдүү топтору үчүн имараттардын жана курулмалардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу белгиленген тартипте бекитилүүчү долбоор түзүүгө тапшырмада аныкталат.
30. Имараттардын жана курулмалардын эвакуациялык жолдору жана чыгуучу жерлери төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга тийиш:
1) адамдар алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келгенге чейин имараттардын жана курулмалардын чегинен сыртка тоскоолдуксуз эвакуацияланышы;
2) адамдарды куткаруу;
3) куткаруучу бөлүмдөрдүн жеткиликтүүлүгү жана адамдарды, жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана мүлктөрдү сактоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү.
31. Имараттардын жана курулмалардын долбоордук, көлөмдүк-пландаштыруу жана конструктивдик чечимдерин туура аткаруу үчүн жоопкерчиликти долбоордун авторлору тартат.
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203301/st-15" title="15-берене - Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>