# 13-берене. Татаал табигый шарттарда имараттардын жана курулмалардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар

- Документ: [Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203301)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 27-июнундагы № 57 "Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4342/edition/629305/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203301/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент, 13-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-13

---

1. Имаратты жана курулманы аны эксплуатациялоо учурунда табигый процесстер жана (же) техногендик таасирлер ушул Техникалык регламенттин 6-беренесинде көрсөтүлгөн кесепеттерге жана (же) адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө жана айлана-чөйрөгө зыян келтирүү коркунучун жаратуучу окуяларга дуушарлантпагыдай долбоорлоо жана куруу зарыл.

2. Коркунучтуу табигый процесстерде имараттарга жана курулмаларга жалпы талаптар ушул Техникалык регламент менен тиешелүү өз ара байланыштагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203301/st-14)
