12-берене. Ички микроклиматка, инсоляцияга, күндөн сактанууга, жарык кылууга, ызы-чуудан жана нымдан сактоого талаптар
Күчүндө · 02.04.2015 редакциясы
1. Имараттардын жана курулмалардын ичинде зарыл микроклимат, жетишээрлик табигый жана жасалма жарык камсыз кылынууга, инсоляцияга жана күндөн сактанууга, ошондой эле ызы-чуудан жана нымдан сактоо талаптары сакталууга тийиш.
2. Керектүү микроклиматты камсыз кылуу үчүн имараттын жана курулманын сыртты тосуучу конструкцияларынын жайлардын микроклиматын ченемге салынуучу параметрлерин камсыз кылуучу конструкциялык чечимдер тандалат.
3. Инсоляцияга жана күндөн сактанууга карата талаптар жайларды жарык тараптарга багыттоо чаралары, ошондой эле конструкциялык жана пландоо мүнөзүндөгү чаралар менен камсыз кылынат.
4. Адамдар такай болуучу, жер үстүндөгү кабаттарда жайгашкан жайларда табигый жана жасалма жарык, ал эми жер астындагы кабаттарда адамдардын ден соолугуна зыян келүү коркунучун болтурбоо үчүн жетишээрлик жасалма жарыктандыруу камсыз кылынат.
5. Адамдарды тышкы жана ички булактарда жаралуучу абанын жана ызы-чуунун эпкининен сактоо үчүн иш-чаралар каралат.
6. Тосмо конструкциялардын ашыкча нымдашуусун, алардын беттери сууланышын болтурбоо жана ал конструкциялардын узакка чыдамдуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлөт.
7. Ички микроклиматка, инсоляцияга жана күндөн сактоого, табигый жана жасалма жарыктандырууга, ызы-чуудан жана нымдан сактоого карата жалпы талаптар ушул Техникалык регламент менен тиешелүү өз ара байланыштагы ченемдик документтерде белгиленет.
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203301/st-12" title="12-берене - Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>