1-берене
Күчүн жоготкон · 22.09.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203.
"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж.,№ 10, 437-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контроль
Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин жана анын юрисдикциясынын чектеринде сакталышына парламенттик контролду Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) туруктуу негизде жүзөгө ашырат, ал өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул жана башка мыйзамдарын, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.".
2. 4-статьянын 1-пунктундагы "35тен" деген сан "30дан" деген санга алмаштырылсын.
3. 8-статьяда:
1-пункттагы "Конституциялык, Жогорку сотторунун" деген сөздөр "Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-пункттагы "Конституциялык, Жогорку сотторунун" деген сөздөр "Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3) Адамдын жана жарандын укуктарына жана эркиндиктерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын конституциялык эмес деп таануу жөнүндөгү сунуштама менен Жогорку соттун Конституциялык палатасына кайрылууга;".
4. 10-статьянын 4-пунктундагы "Конституциялык сотуна" деген сөздөр "Жогорку соттун Конституциялык палатасына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 14-статьянын 5-пунктундагы "Администрациясы" деген сөз "Аппараты" деген сөзгө алмаштырылсын, "Конституциялык соту" деген сөздөр "Жогорку соттун Конституциялык палатасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндөЗакон · 31.07.2002 · № 136 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203299/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>