# Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 23-июнундагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 23-июнундагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203299>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4340/edition/454498/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203299.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 23-июнундагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203299

---

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 203 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 23-июну № 55 "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203299/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж.,№ 10, 437-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контроль

Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин жана анын юрисдикциясынын чектеринде сакталышына парламенттик контролду Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) туруктуу негизде жүзөгө ашырат, ал өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул жана башка мыйзамдарын, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.".

2. 4-статьянын 1-пунктундагы "35тен" деген сан "30дан" деген санга алмаштырылсын.

3. 8-статьяда:

1-пункттагы "Конституциялык, Жогорку сотторунун" деген сөздөр "Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-пункттагы "Конституциялык, Жогорку сотторунун" деген сөздөр "Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3) Адамдын жана жарандын укуктарына жана эркиндиктерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын конституциялык эмес деп таануу жөнүндөгү сунуштама менен Жогорку соттун Конституциялык палатасына кайрылууга;".

4. 10-статьянын 4-пунктундагы "Конституциялык сотуна" деген сөздөр "Жогорку соттун Конституциялык палатасына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 14-статьянын 5-пунктундагы "Администрациясы" деген сөз "Аппараты" деген сөзгө алмаштырылсын, "Конституциялык соту" деген сөздөр "Жогорку соттун Конституциялык палатасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203299/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
