1-берене
Күчүндө · 23.06.2011 редакциясы
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 3, 123-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 4-статьяда:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет."; 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Программанын колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жыйынтыктары боюнча тиешелүү мезгил үчүн отчет өтүп жаткан жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилет.".
2. 7-статьяда:
1-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын; 4-бөлүктөгү ", мамлекетке таандык акциялардын мамлекеттик пакеттерин башкаруу боюнча ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондуна өткөрүп берүүнү кошпогондо" деген сөздөр алып салынсын.
3. 9-статьянын 2-бөлүгү "ажыратуу жана менчиктештирүү" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 23.06.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундоЗакон · 02.03.2002 · № 31
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203298/st-1" title="1-берене - "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>