# КРнын 2011-жылдын 23-июнундагы № 54 ""Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 23-июнундагы № 54 ""Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203298>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4339/edition/454496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203298.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КРнын 2011-жылдын 23-июнундагы № 54 ""Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (23.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203298

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 23-июну № 54

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203298/st-1)

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 3, 123-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 4-статьяда:

1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет."; 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Программанын колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жыйынтыктары боюнча тиешелүү мезгил үчүн отчет өтүп жаткан жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилет.".

2. 7-статьяда:

1-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын; 4-бөлүктөгү ", мамлекетке таандык акциялардын мамлекеттик пакеттерин башкаруу боюнча ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондуна өткөрүп берүүнү кошпогондо" деген сөздөр алып салынсын.

3. 9-статьянын 2-бөлүгү "ажыратуу жана менчиктештирүү" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203298/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
