# КРнын 2011-жылдын 23-июнундагы № 53 ""Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 23-июнундагы № 53 ""Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203297>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4338/edition/454494/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203297.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КРнын 2011-жылдын 23-июнундагы № 53 ""Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (23.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203297

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 23-июну № 53

"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203297/st-1)

"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Сугат айдоо жерлерин көрүстөнгө которууга (трансформациялоого) мораторий жайылтылбайт. Көрүстөнгө которулган (трансформацияланган) сугат айдоо жерлер башка максат боюнча пайдаланууга тийиш эмес".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203297/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзам менен ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203297/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
