# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203294)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 21-июнундагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 21.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203294/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4335/edition/454488/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203294/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө, 1-берене (21.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203294/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 510-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 3-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген пенсиялык топтоолордун каражаттарын активдерге жайгаштырууга;".

2. 9-статьяда:

6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Социалдык фонддун төрагасы бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан көп эмес өкүлчүлүгүн эске алуу менен Социалдык фонддун башкармасынын жети адам санындагы курамын бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштайт. Башкарманын курамына Социалдык фонддун төрагасы, анын орун басарлары жана башка жооптуу кызматкерлери кирет."; 10-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Социалдык фонддун төрагасы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат. Орун басарлары Социалдык фонддун төрагасынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат."; 11-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203294/st-2)
