Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КРнын «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 21-июну № 50
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 510-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген пенсиялык топтоолордун каражаттарын активдерге жайгаштырууга;".
2. 9-статьяда:
6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Социалдык фонддун төрагасы бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан көп эмес өкүлчүлүгүн эске алуу менен Социалдык фонддун башкармасынын жети адам санындагы курамын бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштайт. Башкарманын курамына Социалдык фонддун төрагасы, анын орун басарлары жана башка жооптуу кызматкерлери кирет."; 10-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Социалдык фонддун төрагасы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат. Орун басарлары Социалдык фонддун төрагасынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат."; 11-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана ушул Мыйзамдан келип чыккан ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышын камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндөЗакон · 02.08.2004 · № 103
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндөЗакон · 02.08.2004 · № 103