Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 16.06.2011 редакциясы
"Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 157-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги аталышында жана текстинде "бейсалык" деген сөз "салыктык эмес" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Атайын продукцияны берүү жана алмаштыруу, экзамендерди кабыл алуу жана автомототранспортту техникалык кароону жүргүзүү үчүн алынуучу жыйымдар
Автотранспорттук каражаттарды, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан атайын продукцияны берүү жана алмаштыруу, экзамендерди кабыл алуу жана автомототранспортту техникалык кароону жүргүзүү үчүн алынуучу жыйымдар республикалык бюджеттин кирешесине которулууга тийиш. Жыйымдардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет."
3. 6-статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Өнөр жайында иш жүргүзүүнүн коопсуздугу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан алынуучу жыйымдар".
4. 11-статьянын 2-бөлүгүндөгү "камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 21-статьянын аталышындагы "Кыргыз Республика байланыш министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын почталык байланыш" жана текстиндеги "Кыргыз Республика байланыш министрлигинин таркатылбаган почталык жөнөтмөлөрдү сактоону, сатууну, сатууну" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын почталык байланышынын таркатылбаган почталык жөнөтмөлөрдү сактоону, сатууну" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 27-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республика Финансы министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 32-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Өкмөтүнүн алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекциянын органдары" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
8. VIII бөлүмдөгү "Кыргыз Республикасында мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка мыйзам актыларына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 16.06.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203292/st-1" title="1-берене - Бейсалык төлөмдөр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>