Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 29-апрели № 60 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Республиканын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодо шайлоо процессинин ченемдик укуктук базасын толук жөнгө салуу жана өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 2-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы IX глава менен толукталсын:
"Шаардын шайланган мэринин кызматка киришүүсү
51. Шаардын шайланган мэри шайлоонун натыйжаларын Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткенден жана расмий жарыялагандан кийин, аны Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү же кызматкерлери шаардык кеңештин депутаттарынын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусунда мэриянын аппаратынын жамаатына сунуш кылган күндөн тартып кызматка киришет. Шаардын мэри кызматка киришкен датаны аймактык шайлоо комиссиясы атайын реестрге жазуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына расмий кат менен берет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы X глава менен толукталсын:
"Жаңыдан ачылган жагдайларга жана шаардын мэрин белгиленген тартипти бузуу менен шайлоо фактылары табылышына байланышкан маселелерди жөнгө салуу
52. Аймактык шайлоо комиссиясы шаардын мэрин шайлоонун натыйжаларын аныктагандан кийин жана шаардын шайланган мэри кызматка киришкенге чейин анда пассивдүү шайлоо укугу жоктугу же ал шаардын мэринин кызмат ордуна белгиленген тартипти бузуу менен шайлангандыгы жөнүндө фактылар бар экендиги ырасталган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алынган чечимдерди жана токтомдорду жокко чыгарат, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табат, шайлоону өткөн жок деп табат жана зарылчылык болгон учурда шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоону жокко чыгарат.
53. Эгерде шаардын мэри кызматка киришкенден кийин анда пассивдүү шайлоо укугу жоктугу же ал шаардын мэринин кызмат ордуна белгиленген тартипти бузуу менен шайлангандыгы жөнүндө фактылар ырасталса, Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн фактылар, жагдайлар жана негиздер белгиленген күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен аны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш менен кайрылат.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы VIII глава менен толукталсын:
"Айыл өкмөтүнүн шайланган башчысынын кызматка киришүүсү
51. Айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы шайлоонун натыйжаларын Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткенден жана расмий жарыялагандан кийин, аны Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү же кызматкерлери айылдык кеңештин депутаттарынын катышуусунда айыл өкмөтүнүн жамаатына сунуш кылган күндөн тартып кызматка киришет. Айыл өкмөт башчысы кызматка киришкен датаны аймактык шайлоо комиссиясы атайын реестрге жазуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына расмий кат менен берет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы IX глава менен толукталсын:
"Жаңыдан ачылган жагдайларга жана айыл өкмөт башчысын белгиленген тартипти бузуу менен шайлоо фактылары табылышына байланышкан маселелерди жөнгө салуу
52. Аймактык шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжаларын аныктагандан кийин жана айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы кызматка киришкенге чейин анда пассивдүү шайлоо укугу жоктугу же ал айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна белгиленген тартипти бузуу менен шайлангандыгы жөнүндө фактылар бар экендиги ырасталган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алынган чечимдерди жана токтомдорду жокко чыгарат, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табат, шайлоону өткөн жок деп табат жана зарылчылык болгон учурда айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди каттоону жокко чыгарат.
53. Эгерде айыл өкмөтүнүн башчысы кызматка киришкенден кийин анда пассивдүү шайлоо укугу жоктугу же ал айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна белгиленген тартипти бузуу менен шайлангандыгы жөнүндө фактылар ырасталса, Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн фактылар, жагдайлар жана негиздер белгиленген күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен аны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат жана райондун мамлекеттик администрациясынын башчысына - акимине сунуш менен кайрылат.".
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- "Положение о порядке избрания мэра города" (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 27 декабря 2011 года № 424)Положение · 27.12.2011 · № 424
- "Положение о порядке избрания главы айыл окмоту" (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 27 декабря 2011…Положение · 27.12.2011 · № 423
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 27.12.2011 · № 423
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 27.12.2011 · № 424
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон