# КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 44 ""Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 44 ""Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203288>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4329/edition/378322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203288.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 44 ""Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203288

---

КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 13-июну № 44 "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203288/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., №11, 900-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-статьяда:

1-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эларалык келишимдерден жана макулдашуулардан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдери" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдери" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 12-статьянын 5-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги жана Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203288/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
