# Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июну № 42 "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июну № 42 "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203286>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4327/edition/1276787/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203286.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июну № 42 "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203286

---

КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 13-июну № 42

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203286/st-1)

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

### [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203286/st-30)

төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар спортсмендер мамлекеттик жана муниципалдык билим берүүнүн кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына тапшырууда артыкчылык укугунан пайдаланат. "Спорттун чеберлигине талапкер" спорттук разряды, "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар спортсмендер мамлекеттик жана муниципалдык билим берүүнүн кесиптик орто билим берүү уюмдарына тапшырууда артыкчылык укугунан пайдаланышат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203286/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

- бир айлык мөөнөттө "Спорттун чеберлигине талапкер" спорттук разряды, "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар спортсмендерди мамлекеттик жана муниципалдык билим берүүнүн кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына кабыл алуунун тартиби жөнүндө Жобону иштеп чыксын жана бекитсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203286/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
