# 25-берене. Судьяны кызматынан четтетүү

- Документ: ["Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203285)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 13-июну № 41 ""Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138 "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112311)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203285/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4326/edition/1102926/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203285/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу, 25-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203285/st-25

---

1. Судьялар кеңеши тарабынан жазык жоопкерчилигине (айыпталуучу катары тартуу) же сот тартибинде салынуучу административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук берилген учурда судья кызмат ордунан четтетилет (судьянын милдеттерин аткаруудан четтетилет).

2. Жогорку Кеңеш Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясын айыпталуучу катары тартууга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна (мындан ары - Башкы прокурор) макулдук берилген учурда кызмат ордунан четтете алат.

Президент Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, айыпталуучу катарында жоопко тартууга Башкы прокурорго макулдук берилген учурда жергиликтүү соттун судьясын кызмат ордунан четтете алат.

3. Судьяны кызмат ордунан четтетүү судьянын эмгек акысын жана судьяны материалдык жана социалдык жактан камсыз кылуунун жана башка түрлөрүн токтото турууга алып келбейт.

4. Кызматынан четтетилген судья, эгерде аны кызмат ордунан четтетүү жөнүндө чечимди кабыл алууга түрткү болгон жагдайлар жоюлса, аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан мурда ээлеген кызматына кайрадан коюлат (судьянын милдеттерин аткарууга киришти деп эсептелет).".

21. 26-беренеде:

2 жана 3-бөлүктөр төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Судья кызмат ордунан төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулат:

1) кызмат ордунан өзүнүн каалоосу боюнча бошотуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;

2) медициналык комиссиянын корутундусу менен ырасталган ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга жарамсыз болгондо;

3) Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы жергиликтүү сотко судья болуп дайындалганда; жергиликтүү соттун судьясы Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланганда;

4) сот адилеттигин ишке ашырууга байланышпаган башка ишке өткөндө;

5) жергиликтүү соттун судьясы ушул конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган негиздер боюнча башка сотко которуудан баш тартканда;

6) ага карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

7) ага медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

8) Судьялар кеңешинин чечими менен ырасталган жүрүм-турумунун кынтыксыздыгы жана судьянын бийик наамына коошпогон тартиптик жорук жасаганда;

9) судьянын кызматына келишпеген иш менен алектенгенде;

10) судьялар саясий партияларга мүчө болсо, ал кайсы бир саясий партияны колдоп чыкса;

11) эгерде судья:

- Президенттикке талапкер катары катталса;

- Жогорку Кеңешке шайлоого катышуучу саясий партиянын катталган тизмесине киргизилсе;

- жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталса.

3. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүк добушу менен бошотулат.";

4-бөлүктөгү "Улуттук кеңештин" деген сөздөр "Судьялардын кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын.

22. 27-берененин 2-бөлүгүндөгү "же Конституциялык соттун" деген сөздөр ", Жогорку соттун Конституциялык палатасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

23. 5-глава төмөндөгүдөй мазмундагы 27-1-берене менен толукталсын.

"27-1-берене. Судьянын отставкасы

1. Судьянын отставкасы деп судьянын кызмат ордунан ардактуу кетиши же анын ардактуу бошонушу таанылат. Отставкадагы адамдын судьялык наамы, жеке кол тийбестик кепилдиктери жана судьялык жамаатка таандык экендиги сакталат.

2. Ар бир судья жаш курагына карабастан өзүнүн каалоосу боюнча отставкага чыгууга укугу бар. Судья, эгерде ушул конституциялык Мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2, 4, 5, 11-пункттарында каралган негиздер боюнча бошотулса, же анын ыйгарым укуктары ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча токтотулса, отставкага кетти же бошонду деп эсептелет.

3. Отставкадагы судьяларга Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан отставкадагы судья деген күбөлүк берилет.".

24. 28-беренеде:

1-бөлүктүн экинчи абзацында "1" саны "2" санына алмаштырылсын; 2-бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Судьялар кеңеши жасалган тартиптик жоруктун анча маанилүү эмес экендигин эске алып, эскертүү менен чектеле алат."; 3-бөлүктө "эки жылдан" деген сөздөр "алты ай" деген сөздөргө алмаштырылсын; 5-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Судьяларга эскертүү жана сөгүш Тартиптик комиссия жөнүндө жобого ылайык Судьялар кеңеши тарабынан колдонулат. Тартиптик жорук жасагандыгы үчүн кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу судьялардын кынтыксыз жүрүм-туруму жөнүндө талаптарды орой бузгандыгы үчүн тартиптик таасир этүүнүн катуу чарасы катары колдонулат. Жогорку Соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңеш тарабынан судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Президенттин сунуштамасы боюнча кабыл алынат. Жергиликтүү соттун судьяларын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим Президент тарабынан судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде кабыл алынат.".

25. 29-беренеде:

- 1-бөлүктүн биринчи абзацында "тартип өндүрүшүн" деген сөздөрдүн алды "козголгон" деген сөз менен толукталсын.;

- 2-бөлүктүн биринчи абзацынын биринчи сүйлөмүндө "козгойт" деген сөз "козгоого укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Өзүнө карата тартип өндүрүшү козголгон судья күн мурунтан өндүрүштүн материалдары менен тааныштырылууга тийиш. Материалдар менен таанышуудан баш тартуу, андан ары тартип өндүрүшүн жүргүзүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.".

26. 30-беренеде:

берененин бүткүл тексти боюнча ар кайсы жөндөмөлөрдөгү "Улуттук кеңеш" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Судьялар кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын."; 2-бөлүктөгү "(айыпталуучу катары тартуу)" деген сөздөр "(айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтом чыгаруу)" деген сөздөргө алмаштырылсын"; 3-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, жергиликтүү соттордун судьяларын сот тартибинде салынуучу административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү Башкы прокурордун сунуштамасы боюнча Судьялар кеңеши тарабынан кабыл алынат.".

27. 33-беренеде:

3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Мында ушул бөлүктүн биринчи абзацында саналып өткөн жана судьялыкка жаңы шайланган же дайындалган адамдарга акыркы шайланган же дайындалган учурдан берки судьялык ишинин мезгили кызмат ордунан мурда бошотулган же судьялык ыйгарым укуктары токтотулганда бир жолку жөлөкпул алган учурда гана эсепке кирет."; 4-бөлүктүн экинчи абзацы "саналган адамдарга" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле отставкадагы судьяларга" деген сөздөр менен толукталсын; 6-бөлүк "Конституциялык соттун" деген сөздөрдөн кийин ", Жогорку соттун Конституциялык палатасынын" деген сөздөр менен толукталсын.

28. 34-берененин 3-бөлүгүндө "Президент" деген сөз "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын.

29. 35-беренеде:

1-бөлүктөгү "2008-жылдын 1-сентябрынан тартып колдонулууга тийиш болгон ушул конституциялык Мыйзамдын 17-берененин 2-пунктунун жоболорун копшогондо," деген сөздөр алып салынсын; 2-бөлүктөгү "20-беренесинин" деген сөздөр "ушул конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 2-бөлүгүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-1 жана 2-2-бөлүктөрү күчүн жоготту деп табылсын; 2-3-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "2-3. Ушул конституциялык Мыйзамдын 27-1-беренесинин колдонулушу ушул конституциялык Мыйзамдын 27-1-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча ушул конституциялык Мыйзам күчүнө киргенге чейин бошотулган же ыйгарым укуктары токтотулган Кыргыз Республикасынын судьяларына жайылтылат.".

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203285/st-24)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203285/st-2)
