# 2-берене

- Документ: ["Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203285)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 13-июну № 41 ""Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138 "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112311)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203285/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4326/edition/1102926/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203285/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу, 2-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203285/st-2

---

1. Ушул конституциялык Мыйзам төмөндөгүлөрдү кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет:

- 2010-жылдын 27-июнунда референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Конституцияга ылайык жергиликтүү соттордун судьялык корпусунун түзүлүшү аяктаган күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинин 15-пунктунун төртүнчү абзацын.

2. Ушул конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинин 15-пунктунун төртүнчү абзацы күчүнө киргенге чейин жергиликтүү соттордун судьялык кызмат ордуна талапкерлер окутуудан өткөрүлбөстөн квалификациялык экзамен берүүгө жана аңгемелешүүгө жол берилүүгө укуктуу.

Судьялар кеңеши ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир айдын ичинде квалификациялык экзамен берүүнүн тартибин жана шарттарын иштеп чыксын жана бекитсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203285/st-25)
