# 9-берене. Кеңештин төрагасынын жана төраганын орун басарынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203284)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137 "О Совете по делам правосудия Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112313)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 апреля 2012 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете по отбору судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203627)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203284#diff=1103124..1103125>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4325/edition/1103124/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203284/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө, 9-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-9

---

1. Кеңештин төрагасы:

1) Кеңештин ишин уюштурат, ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен өз ара мамилелерде Кеңештин атынан чыгат;

2) жыйналыштарды чакырат, Кеңештин жыйналышына кароо үчүн киргизилүүчү маселелерди аныктайт, баяндамачыларды аныктайт;

3) Кеңештин жыйналыштарына төрагалык кылат;

4) Кеңешке берилген материалдарды текшерүүнү уюштурат;

5) Кеңештин жыйналыштар залында коомдук тартипти бузган адамдарды сыртка чыгарттырат;

6) Кеңештин ишинин жыйынтыктарын жалпылоону уюштурат жана анын ишин уюштурууну жакшыртууга багытталган чараларды көрөт;

7) ушул Мыйзамда белгиленген учурларда Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жана Кеңештин курамына Кеңештин жаңы мүчөсүн шайлоонун зарылдыгы жөнүндө Жогорку Кеңешке, Судьялар кеңешине маалымдайт;

8) ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине Кеңештин ишин уюштуруучулук, материалдык, техникалык жана усулдук камсыз кылууну камсыздаган бөлүмдүн иши жөнүндө, ал бөлүмдүн кызматкерлерине карата сыйлоо же тартиптик таасир көрсөтүү чараларын колдонуу тууралуу чечим кабыл алуу үчүн маалымдайт.

2. Кеңештин төрагасы болбогон мезгилде анын ыйгарым укуктарын орун басары аткарат.

(КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-10)
