# 6-берене. Кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерге карата коюлуучу талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203284)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137 "О Совете по делам правосудия Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112313)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2016 года № 155 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете по отбору судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111435)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.07.2016 [Закон КР от 30 июля 2016 года № 155 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете по отбору судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111435); 26.06.2014 [Закон КР от 26 июня 2014 года № 95 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете по отбору судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205316); 06.04.2012 [Закон КР от 6 апреля 2012 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете по отбору судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203627)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203284#diff=1103126..1103127>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4325/edition/1103124/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203284/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө, 6-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-6

---

1. Кеңештин курамына сунушталуучу адамдар:

- Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

- чет мамлекеттин жарандыгы болбоого;

- кайсы бир партияда турбоого;

- кынтыксыз абройго, коомдо сый-урматка ээ болууга;

- соттуулугу, анын ичинде, алып салынган же жоюлган соттуулугу жок болууга тийиш.

Кылмыш жасоодо шектелген же айыпталган же болбосо реабилитацияланбоочу негиздер боюнча жазыктык куугунтуктоо кыскартылган адам Кеңештин мүчөсү боло албайт.

2. Жарандык коомдон 30 жаш курагына жеткен, жогорку юридикалык билими жана юридикалык кесиби боюнча беш жылдан кем эмес стажы бар жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта турбаган адам Кеңештин мүчөсү боло алат.

(Экинчи абзац КР 2016-жылдын 30-июлундагы № 155 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Кеңештин мүчөлөрү сотто тараптардын өкүлдөрү жана адвокат катары катышууга укуксуз.

3. Судьялар кеңеши тарабынан көрсөтүлгөн, беш жылдан кем эмес судьялык иш стажы бар судья Кеңештин мүчөсү боло алат.

Жогорку соттун, Конституциялык палатанын жана жергиликтүү соттордун төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары, ошондой эле Судьялар кеңешинин курамына кирген судьялар Кеңештин мүчөсү боло албайт.

4. Төмөнкү адамдар Кеңештин мүчөлөрү боло албайт:

1) кынтыксыз эмес жүрүм-турумуна байланыштуу мурда Кыргыз Республикасынын судьясынын кызматынан бошотулган;

2) укук коргоо органынын кызматкеринин наамын жаманатты кылганына байланыштуу укук коргоо органдарынан бошотулган же "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясынын сегизинчи жана тогузунчу абзацтарында каралган негиздер боюнча адвокаттык иш жүргүзүү укугун берген лицензиядан ажыратылган;

3) аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген;

4) аларга карата жазык ишинин өндүрүшү акталбоочу негиздер боюнча токтотулган же токтотулуп турган;

5) мамлекеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үлүшү элүү жана андан ашык пайызды түзгөн уюмдардын башкаруу органдарында иштегендер.

6) укук коргоо органдарында же прокуратура органдарында кызматта тургандар, ошондой эле алардын кадрларынын тескөөсүндө болгондор:

7) (КР 2016-жылдын 30-июлундагы № 155 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинде тургандар.

(КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27, 2014-жылдын 26-июнундагы № 95, 2016-жылдын 30-июлундагы № 155 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-7)
