# 4-берене. Кеңештин курамы жана ыйгарым укуктарынын мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203284)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137 "О Совете по делам правосудия Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112313)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4325/edition/1103124/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203284/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө, 4-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-4

---

1. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан шайланган судьялардан, Жогорку Кеңештин парламенттик көпчүлүгү жана парламенттик оппозиция тарабынан шайланган жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлөт жана 24 мүчөдөн турат.

2. Кеңештин курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген учурдан тартып үч жылды түзөт.

3. Кеңештин мүчөсү ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча анын курамынан чыккан учурда, Кеңештин жаңы мүчөсү Кеңештин курамынын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө бош орун түзүлгөн учурдан тартып бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен, Кеңештин мүчөсүн шайлоо жол-жобосуна ылайык, Жогорку Кеңешке көрсөтүлүүсү тийиш. Кеңештин жаңы мүчөсү ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 6-бөлүгүн эске алуу менен, тиешелүүлүгүнө жараша ошол учурда иштеп жаткан Судьялар кеңешинин, парламенттик көпчүлүктүн, парламенттик оппозициянын курамына ылайык шайланат. Жогорку Кеңеш сунуштама алынган учурдан тартып бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен Кеңештин жаңы мүчөсүн шайлоо тууралуу маселени карайт.

4. Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык Кеңешке мүчө боло албайт.

5. Кеңештин жаңы курамын түзүү иштеп жаткан Кеңештин курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин үч ай калганда башталат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-5)
