# 3-берене. Кеңештин ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203284)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137 "О Совете по делам правосудия Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112313)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 марта 2020 года № 32 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете по отбору судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112031)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.03.2020 [Закон КР от 31 марта 2020 года № 32 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете по отбору судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112031); 28.07.2017 [Закон КР от 28 июля 2017 года № 149 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием Закона Кыргызской Республики "О Дисциплинарной комиссии при Совете судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111656); 06.04.2012 [Закон КР от 6 апреля 2012 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете по отбору судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203627)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203284#diff=1103129..1103130>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4325/edition/1103124/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203284/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө, 3-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-3

---

1. Кеңеш:

1) бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен, Жогорку соттун, Конституциялык палатанын, жергиликтүү соттордун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоо өткөрөт;

2) сынактык тандоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент):

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) көрсөтүү үчүн Жогорку соттун, Конституциялык палатанын судьясынын бош кызмат ордуна талапкерлерди;

- жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлерди сунуштайт:

3) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) Кеңештин Регламентин бекитет;

5) (КР 2020-жылдын 31-мартындагы № 32 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6) Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу, токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.

2. Кеңеш өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана алардын кызмат адамдарынан зарыл маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды суратууга жана алууга;

2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын оозеки түшүндүрмөлөрүн угууга жана жазуу жүзүндө суратып алууга;

3) өз жыйналыштарына мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын, уюмдардын өкүлдөрүн, жарандарды чакырууга.

Кеңеш тарабынан суратып алынышы мүмкүн болгон документтердин жана материалдардын тизмеги Кеңештин Регламентинде бекитилиши керек. (КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27, 2017-жылдын 28-июлундагы № 149, 31 марта 2020 года № 32 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-4)
