# 21-берене. Кеңештин ишин уюштуруу жана камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203284)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137 "О Совете по делам правосудия Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112313)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июня 2019 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете по отбору судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111924)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.06.2019 [Закон КР от 27 июня 2019 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете по отбору судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111924); 06.04.2012 [Закон КР от 6 апреля 2012 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете по отбору судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203627)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203284#diff=1103128..1103129>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4325/edition/1103124/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203284/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө, 21-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-21

---

1. Судьянын кызматын ээлеп турган Кеңештин мүчөсү өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат жана анын негизги иш орду боюнча эмгек акысы сакталат. Кеңеште иштөө мезгилинде судьянын кызматын ээлеп турган анын мүчөсү өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулат.

Судьянын кызматын ээлеп турбаган Кеңештин мүчөсүнө шайланган учурдан тартып ай сайын материалдык сыйакы төлөнөт. Материалдык сыйакы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө, ыйгарым укуктуу орган тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

2. Кеңештин ишин уюштуруучулук, материалдык, техникалык жана усулдук жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен өзүнчө сап менен каржыланат.

3. Кеңешти материалдык, техникалык жана усулдук жактан камсыз кылууну жакшыртуу максатында, эл аралык уюмдардын гранттык каражаттары тартылышы мүмкүн.

4. Кеңештин региондордон келген мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте транспорттук чыгымдарынын орду толтурулат жана иш сапар чыгымдары төлөнүп берилет.

(КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27, 2019-жылдын 27-июнундагы № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-22)
