# 16-берене. Жогорку соттун, Конституциялык палатанын, жергиликтүү соттун судьяларынын бош кызмат ордун ээлөөгө сынак жарыялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203284)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137 "О Совете по делам правосудия Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112313)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4325/edition/1103124/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203284/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө, 16-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-16

---

1. Жогорку соттун, Конституциялык палатанын, жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоо сынактык негизде жүзөгө ашырылат.

2. Кеңеш Жогорку соттун, Конституциялык палатанын, жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордунун пайда болушу жөнүндө мамлекеттик басма сөз органында, ошондой эле Кеңештин расмий сайтында жарыялайт.

3. Бош кызмат ордунун пайда болгону жөнүндө жарыяда судьялык бош кызмат ордуна талапкерлерден арыздарды кабыл алуучу жер, арызга тиркелүүчү документтердин тизмеги, ошондой эле документтерди берүүнүн мөөнөтү көрсөтүлөт.

4. Судьянын бош кызмат ордуна сынакка Конституциянын жана конституциялык мыйзамдын талаптарына жооп берген адамдар катыша алат.

5. Жогорку соттун, Конституциялык палатанын, жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкердин Кеңештин дарегине арызы жана документтери талапкердин жеке өзү тарабынан же почта аркылуу ыйгарым укуктуу органга берилет. Судьянын бош кызмат ордун ээлөөгө ниеттенген иштеп жаткан судьялардын документтери конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте берилет.

6. Толук эмес көлөмдө же конституциялык мыйзамда белгиленген талаптарды сактабастан, белгиленген мөөнөттөн кийин келип түшкөн документтер, кайтарып берүүнүн себептерин көрсөтүү менен, талапкерге Кеңештин чечиминин негизинде кайтарылып берилет.

7. Талапкерлердин биротоло тизмеси мамлекеттик басма сөз органында жана Кеңештин расмий сайтында, ошондой эле ушул Мыйзамдын 12-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын тизмегинде жарыяланат.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-17)
