# 15-берене. Алып коюу жана өзүнүн катышуусун алып коюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203284)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137 "О Совете по делам правосудия Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112313)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4325/edition/1103124/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203284/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө, 15-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-15

---

1. Эгерде маселени кароого өзүнүн катышуусун болтурбаган жагдайлар болсо же өзүнүн жан тартпастыгына күмөн саноону пайда кылган башка жагдайлар болсо, Кеңештин мүчөсү маселени кароого катышышы мүмкүн эмес жана өзүнүн катышуусун алып коюуга тийиш.

2. Алып коюу ага тиешелүү маселе каралып жаткан адам тарабынан билдирилиши мүмкүн. Алып коюунун негиздери жазуу түрүндө баяндалат.

3. Кеңештин мүчөсүн алып коюу жөнүндө чечим жыйналышка катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

4. Эгерде ал чечим кабыл алынып жаткан адамга карата жубай, жакын тууган болуп саналган учурда, Кеңештин мүчөсү маселени кароого катыша албайт жана өзүнүн катышуусун алып коюуну билдирүүгө милдеттүү.

5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо, өзүнүн катышуусун алып коюуну билдирбеген учурда Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары токтотулат.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-16)
