# 14-берене. Кеңештин биринчи жыйналышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203284)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137 "О Совете по делам правосудия Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112313)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 апреля 2012 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете по отбору судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203627)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203284#diff=1103124..1103125>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4325/edition/1103124/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203284/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө, 14-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-14

---

1. Кеңештин мүчөлөрү биринчи жыйналышка Жогорку Кеңеш аны бекиткен күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен чогулат.

2. Биринчи жыйналышты Кеңештин жашы боюнча улуу мүчөсү алып барат.

3. Ыйгарым укуктуу орган Кеңештин жашы улуу мүчөсүнө Кеңештин биринчи жыйналышын өткөрүү күнүн, ордун жана убактысын аныктоо зарылчылыгы жөнүндө билдирет жана аны уюштуруу үчүн чараларды көрөт.

4. Кеңештин биринчи жыйналышында:

1) төрагалык кылуучу Кеңештин мүчөлөрүн тааныштырат;

2) Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен курамында Кеңештин 6 мүчөсү болгон эсептөө комиссиясы ачык добуш берүү менен шайланат;

3) Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо өткөрүлөт.

(КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-15)
