# 13-берене. Кеңештин жыйналышын өткөрүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203284)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137 "О Совете по делам правосудия Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112313)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4325/edition/1103124/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203284/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө, 13-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-13

---

1. Кеңештин жыйналышында чечиле турган маселелерди кароо төрагалык кылуучунун же Кеңештин мүчөсүнүн баяндамасы менен башталат.

2. Кеңештин жыйналышында материалдарды кароо тиешелүү кызматтарды ээлөөгө ниеттенген адамдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башка ишке тиешеси бар ар кандай адамдардын катышуусу менен ачык өткөрүлөт. Жыйналышты өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарландырылган, тиешелүү кызматты ээлөөгө ниеттенген адамдын катышпагандыгы башка талапкерлерге карата маселени маңызы боюнча кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Кеңештин жыйналыштары милдеттүү түрдө укма жана көрмө тартууга жазылууга тийиш. Укма жазууларды жана көрмө тартууларды сактоону, алардын ачыктыгын камсыз кылуу ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-14)
