# 11-берене. Кеңештин катчысы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203284)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137 "О Совете по делам правосудия Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112313)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4325/edition/1103124/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203284/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө, 11-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-11

---

1. Кеңештин катчысынын ишмилдети ыйгарым укуктуу органдын жооптуу кызматкерине жүктөлөт.

2. Кеңешти катчысы:

1) Кеңештеги иш кагаздарын алып барууну уюштурат;

2) Кеңештин жыйналышын даярдоону камсыз кылат;

3) Кеңештин жыйналышын өткөрүү күнү, убактысы жана орду жөнүндө Кеңештин мүчөлөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына кабарлайт;

4) Кеңештин кезектеги жыйналышынын күн тартибин Кеңештин мүчөлөрүнө жеткирүүнү камсыз кылат;

5) судьянын бош кызмат ордун ээлөөгө ниеттенген талапкерлер боюнча добуш берүүнү даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат;

6) Кеңештин жыйналышынын протоколун жүргүзөт;

7) ишке тиешеси бар жактарга чечимдердин көчүрмөлөрүн жөнөтүүнү камсыз кылат;

8) Жогорку соттун, Конституциялык палатанын, жергиликтүү соттун судьяларынын бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак өткөрүү жөнүндө кулактандырууну мамлекеттик басма сөз органына жана Кеңештин расмий сайтына жайгаштырат;

9) Кеңештин төрагасынын тескемеси боюнча Кеңештин компентенциясына таандык кылынган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-12)
