# 10-берене. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203284)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137 "О Совете по делам правосудия Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112313)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 апреля 2012 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Совете по отбору судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203627)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203284#diff=1103124..1103125>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4325/edition/1103124/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203284/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө, 10-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-10

---

1. Кеңештин мүчөсү:

1) Кеңештин жыйналыштарына катышат;

2) Кеңештин кароосуна берилген материалдар менен таанышат;

3) материалдарды иликтөөгө жана текшерүүгө катышат;

4) каралып жаткан маселелер боюнча жүйөөлөштүрүлгөн жана негизделген сунуштарды киргизет;

5) чечимдерди кабыл алууда добуш берүү жолу менен катышат;

6) Кеңештин чечимдерине кол коет;

7) өзгөчө пикирин киргизет. Өзгөчө пикир ар бир талапкер боюнча материалдарга тиркелет;

8) Кеңештин төрагасы жана анын орун басары болбогон учурда, Кеңештин төрагасынын чечиминин же Кеңештин чечиминин негизинде Кеңештин жыйналышка төрагалык кылат.

2. Кеңештин мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кеңештин компентенциясына кирген маселелерди кароодо эч кимге тартпоого жана калыс болууга;

2) ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарын аткарууда өзүнө белгилүү болуп калган судьялардын жана судьялыкка талапкерлердин жеке турмушу жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун сактоого;

3) эгерде ал чечим кабыл алынып жаткан адамга карата жубай, жакын тууган болуп саналса, Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизилген маселени кароодо өзүн алып салууну билдирүүгө.

(КР 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-11)
