# 1-берене. Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин статусу жана анын негизги милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203284)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137 "О Совете по делам правосудия Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112313)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4325/edition/1103124/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203284/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө, 1-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-1

---

1. Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары - Конституция) ылайык түзүлгөн, көз карандысыз коллегиалдуу орган болуп саналат. Кеңештин статусу Конституцияда жана ушул Мыйзамда аныкталат.

2. Кеңештин негизги милдети Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын (мындан ары - Конституциялык палата), жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо, жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоого көрсөтүү болуп саналат.

3. Кеңеш өзүнүн ишин көз карандысыздык, айкындуулук, коллегиялуулук, ак ниеттүүлүк, мыйзамдуулук принциптеринде жүзөгө ашырат.

(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203284/st-2)
