# 36-2-берене. Биринчи инстанциядагы соттун төрагасын шайлоо тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203283)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134 "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112315)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203283/st-36-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4324/edition/1116802/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу, 36-2-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203283/st-36-2

---

1. Биринчи инстанциядагы соттун судьяларынын чогулушу (мындан ары - судьялардын чогулушу) өз курамынан соттун төрагасын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.

Бир эле судья ошол эле соттун төрагасы болуп эки мөөнөткө катары менен шайлана албайт.

2. Биринчи инстанциядагы соттун төрагасын шайлоо, бошотуу же ыйгарым укуктарын токтотуу, тиешелүүлүгүнө жараша ушул Мыйзамдын 19-1 жана 19-2-беренелеринде белгиленген эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Биринчи инстанциядагы соттун төрагасы ушул Мыйзамда каралган эрежелер боюнча шайланбай калган учурда, соттун төрагасынын кызмат орду судьялык жумушта көбүрөөк стажы бар судья тарабынан айкалыштырылат.".

38. 37-статьяда:

3-пунктта "мамлекеттик" деген сөз алып салынсын; 4 жана 5-пункттарда "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине" жана "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Судьялар кеңешине" жана "Судьялар кеңешинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 7-пунктта "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр алып салынсын; 9-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

39. 38-статьяда:

3-пунктта "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу" деген сөздөр алып салынсын; 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Аппараттын жетекчиси түздөн-түз Жогорку соттун төрагасынын жетекчилиги астында иштейт жана аппараттын ишинде көзөмөлдөөчү жана тескөөчү иш милдеттерди жүзөгө ашырат, Жогорку соттун төрагасынын макулдугу менен соттун аппаратынын кызматкерлерин кызмат орундарына дайындайт жана мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамда каралган негиздер боюнча аларды кызмат орундарынан бошотот, ошондой эле Жогорку соттун регламентинин сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат."; 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6. Жогорку соттун аппаратынын чектелген саны, анын түзүмү жана штаттык саны Судьялар кеңеши менен макулдашуу боюнча, чыгымдар сметасынын чектеринде Жогорку соттун төрагасы тарабынан белгиленет."; 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

40. 39-статьяда:

1-пунктта:

- "мамлекеттик" деген сөз алып салынсын;

- пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Ыйгарым укуктуу органды уюштуруу жана анын иши Жогорку соттун төрагасы тарабынан бекитилүүчү жободо аныкталат."; 2-пункттун экинчи абзацында "ыйгарым укуктуу" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик" деген сөз алып салынсын; 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Жергиликтүү соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин чектелген саны, алардын түзүмү жана штаттык саны Судьялар кеңешинин макулдугу менен, жергиликтүү соттордун төрагаларынын сунуштамасы боюнча, чыгымдар сметасынын чектеринде ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан белгиленет.".

41. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча ар кыл жөндөмөлүк тариздердеги "статья" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "берене" деген сөз менен алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [32-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203283/st-32-2)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203283/st-2)
