# 8-берене. Конституциялык палатанын төрагасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203281/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 8-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-8

---

Конституциялык палатанын төрагасы Конституциялык палатанын судьясынын милдетин аткаруу менен бирге:

1) иштерди жана башка маселелерди Конституциялык палатанын жыйналышында кароого даярдоону жетектейт;

2) Конституциялык палатанын жыйналыштарын чакырат, карала турган маселелерди талкууга киргизет, жыйналыштарга төрагалык кылат;

3) Конституциялык палатанын атынан чыгат жана сүйлөйт;

4) келип түшкөн кайрылууларды Конституциялык палатанын судьяларынын ортосунда бөлүштүрөт;

5) Конституциялык палатанын регламентин анын бекитүүсүнө сунуштайт;

6) жыйналышты өткөрүүнүн, анын катышуучуларынын жана катышып олтургандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды аныктайт;

7) Конституциялык палатанын аппаратына жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдын талаптарына ылайык аппараттын жетекчисин кызматка дайындайт жана бошотот, ошондой эле Конституциялык палатанын бекитүүсүнө Конституциялык палатанын аппараты тууралуу жобону жана анын түзүмүн сунуштайт;

8) Конституциялык палатанын жыйналыштарынын чечимдеринин, корутундуларынын, токтомдорунун, аныктамаларынын көчүрмөлөрүнө жана протоколдоруна кол коет;

9) ушул конституциялык Мыйзамга жана Конституциялык палатанын регламентине ылайык, башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

Конституциялык палатанын төрагасы буйруктарды жана тескемелерди чыгарат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-9)
