8-берене. Конституциялык палатанын төрагасы
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133.
Конституциялык палатанын төрагасы Конституциялык палатанын судьясынын милдетин аткаруу менен бирге:
1) иштерди жана башка маселелерди Конституциялык палатанын жыйналышында кароого даярдоону жетектейт;
2) Конституциялык палатанын жыйналыштарын чакырат, карала турган маселелерди талкууга киргизет, жыйналыштарга төрагалык кылат;
3) Конституциялык палатанын атынан чыгат жана сүйлөйт;
4) келип түшкөн кайрылууларды Конституциялык палатанын судьяларынын ортосунда бөлүштүрөт;
5) Конституциялык палатанын регламентин анын бекитүүсүнө сунуштайт;
6) жыйналышты өткөрүүнүн, анын катышуучуларынын жана катышып олтургандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды аныктайт;
7) Конституциялык палатанын аппаратына жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдын талаптарына ылайык аппараттын жетекчисин кызматка дайындайт жана бошотот, ошондой эле Конституциялык палатанын бекитүүсүнө Конституциялык палатанын аппараты тууралуу жобону жана анын түзүмүн сунуштайт;
8) Конституциялык палатанын жыйналыштарынын чечимдеринин, корутундуларынын, токтомдорунун, аныктамаларынын көчүрмөлөрүнө жана протоколдоруна кол коет;
9) ушул конституциялык Мыйзамга жана Конституциялык палатанын регламентине ылайык, башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Конституциялык палатанын төрагасы буйруктарды жана тескемелерди чыгарат.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203281/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>