# 7-берене. Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун басарын жана судья-катчысын кызмат ордунан бошотуу үчүн негиздер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133 "О Конституционном суде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112318)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4322/edition/1137344/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө, 7-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-7

---

1. Конституциялык палатанын төрагасы, төраганын орун басары, судья-катчысы өздөрүнүн кызматтарынан алар шайланган мөөнөтү бүткөндө же өз каалоосу боюнча бошотулат.

Конституциялык палатанын төрагасынын, төраганын орун басарынын жана судья-катчысынын ыйгарым укуктары, ошондой эле Конституциялык палатанын судьясы катары ыйгарым укуктары токтотулганда, аларды судьянын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошоткон учурда токтотулат.

2. Конституциялык палатанын иштеп жаткан төрагасынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнүнө же ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына же кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулганына байланыштуу, Конституциялык палатанын жаңы төрагасын шайлаганга чейин төраганын милдеттерин Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары аткарат.

Конституциялык палатанын төрагасы, төраганын орун басары, судья-катчысы болбогон учурда, Конституциялык палатанын төрагасынын милдеттерин, Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы тарабынан бул милдеттер жүктөлгөн Конституциялык палатанын судьясы убактылуу аткарат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203281/st-8)
